Украиналык саясий аналитик Михайло Похребинский уюмдун төрагалыгына президент Кучманын жайындылышы өлкө үчүн экономикалык жактан пайдалуу болот деп эсептейт. Ал Украина төрагалыгынан пайдаланып, КМШынын алкагында эркин соода мейкиндигин түзүү планын ишке ашырып, анын эсебинен өзүнүн экономикасын кыйла оңдоп ала ала турганын белгилейт:
"Украина Эркин соода мейкиндигин түзүү маселесинин тез арада жөнгө салынышына кызыкдар. Эркин соодага киргизилген товарлардын саны канчалык көп болсо, Украина андан ошончолук көп пайда табат болчу.
Похребинский сыяктуу аналитиктер ыктыярдуу уюм катары түзүлгөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги мүчө өлкөлөрдүн экономикасын кескин көтөрүүгө жөндөмдүү уюм боло алаарына дагы эле үмүттөнүшөт.
Бирок көптөгөн аналитиктер төрагалыкка Украинаны дайындоо менен пландары турмушка ашпай, курулай декларация бойдон кала берип жаткан уюмду жандантуу мүмкүн эмес дешет. Украинанын ООНдогу мурдагы элчиси Сергей Комисаренко:
"КМШнын көптөгөн шаан-шөкөттүү чогулуштары менен саммиттери натыйжа берген жок. Ооба, анда мамлекет башчылары уюмдун алкагында унаа каттамдарын жакшыртуунун жана экономикалык алакаларды өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашат. Бирок ал жыйындардын натыйжасын көрө албадык.
Айрым саясий байкоочулар Кучманын төрага болгону анын жеке өзү үчүн эле пайдалуу болоорун айтып жатышат. Экинчи президенттик мөөнөтү келерки жылы соңуна чыга турган Кучма өз өлкөсүндө кескин сындалып келатат. Кучма өлкөдө коррупцияга кеңири жол бергендиги үчүн жана чуулгандуу саясий киши өлтүрүүлөр менен эркин прессаны куугунтуктоого байланыштуу кескин сынга дуушар болууда. Дүйнө коомчулугуна болсо Украинанын Иракка заманбап аскердик техникасын саткандыгы жөнүндө белгилүү болду. Бул чуулгандуу окуяларга байланыштуу өлкөдө сандаган демонстрациялар өткөрүлүп, миңдеген украин жарандары президенттин кызматтан кетишин талап кылышкан.Ошон үчүн айрым байкоочулар Кучма бул жогорку даражалуу кызматтан пайдаланып, өтө солгундап кеткен абройун көтөргөнгө үмүттөнүп жатканын айтышат.
Айрым байкоочулар Кучманы дайындоо маселесинде Орус президентинин өзүм билемдик кылып кеткенин белгилеп жатышат. Киевдеги саммитте сүйлөгөн сөзүндө Владимир Путин:
"Орусиянын демилгеси боюнча Кучма КМШнын төрагалыгына дайындалды. Украина КМШнын Орусиядан кийинки эле чоң өлкөсү. 50 миллион киши калкы бар өлкө экономикасынын көлөмү боюнча да уюмда экинчи орунда турат, жана анын КМШдагы салмагы да чоң. Бул жооптуу кызматка Кучманын тандалышы табыгый нерсе деп эсептейм."- деп билдирген.
Орусия экссоветтик жумурияттарга болгон таасирин КМШ аркылуу күчөткөнгө аракеттенип келет. Муну айрым КМШ өлкөлөрү да мойунга алууда. Украина КМШда байкоочунун статусуна гана ээ жана өлкөнүн парламенти анын уюмга толук укуктуу мүчө болуп киришин жактырган эмес. Ушундан улам серепчилер КМШнын башка мүчөлөрү менен кеңешпестен туруп, Кучманы төрагалыкка дайындоо менен Орус президенти чоң максатты көздөгөнүн айтышат. Ал КМШ өлкөлөрүнөн буга чейин өзүн обочо кармап келген Украинаны уюмдун ишине аралаштырып, КМШ менен интеграцияланууга мажбур кылгысы келет. Экинчиден, төрагалыкты Украинага тапшыруу менен Путин украин коомчулугунда Орусияга жана анын империялык дымагына каршы кеңири тараган маанайды басаңдатканга үмүттөнөт.