Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:23

ООГАНСТАНДЫН ЖАНА ИРАКТЫН АЙЛАНАСЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ИНДИЯНЫН ПОЗИЦИЯЛАРЫ БИРДЕЙ


30-31–январда Индиянын тышкы иштер министри Жасвант Сингх расмий сапар менен Кыргызстанда болду.

«Ооганстандын жана Ирактын айланасында түзүлгөн кырдаалга карата Кыргызстан менен Индиянын позициялары бирдей». Бул Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун билдирүүсү. Ал мындай деп 30-январда эки күндүк иш сапары менен Кыргызстанга келген Индиянын тышкы иштер министри Жасвант Сингх менен «Ала-Арча» резиденциясында өткөн жолугушуудан кийин айтты. Аскар Айтматов мындай деп белгиледи:

- Бүгүнкү сүйлөшүүлөр Кыргызстан менен Индиянын Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу маселесине жана ошондой эле, Ирактын айланасында түзүлгөн кырдаалга карата мамилелери окшош экендигин көрсөттү. Индия да, Кыргызстан да Ирактын айланасындагы кырдаалды саясий жана дипломатиялык жолдор менен чечүүгө болот деп эсептейт. Эки өлкө тең Иракка карата аскерий операциялар Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин санкциясы менен гана башталууга тийиш деп эсептейт.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Индия да, Кыргызстан да Хамид Карзайдын өкмөтүн Ооганстандагы абалды турукташтыруудагы жана өлкөнүн экономикасын бутуна тургузуудагы аракеттерин колдоого алат деп билдирди. «Эки мамлекет тең Ооган бийлигинин алдында турган жооптуу тапшырмаларды турмушка ашырууга көмөктөшүүгө даяр», - деди Аскар Айтматов.

Жасвант Сингх өз сөзүндө эл аралык терроризмге каршы күрөш маселесине токтолду:

- Эл аралык терроризмге каршы күрөшүүдө Кыргызстан менен Индия биргелешип аракеттенүү боюнча бир ымалага келдик. Мен Жамму жана Кашмир проблемаларын чечүүдөгү Индиянын позициясын Кыргызстан түшүнүү менен кабыл алгандыгына ыраазылык билдирем.

Жолугушуу маалында Кыргызстан менен Индия эл аралык терроризмге каршы күрөшүүдө жана кылмышкерлерди бири-бирине өткөрүп берүү иштеринде бири-бирин колдой тургандыгы айтылды. Алсак, Аскар Айтматовдун айтымында, Кыргызстанга кол салууга ниеттенген эл аралык террористтердин кайсы жерде жайгашкандыгын аныктоо ишинде Индия өкмөтү Бишкекке көмөктөшүп, космостон тартылган сүрөттөрдү берген экен.

Тышкы иштер министрлери сүйлөшүүлөрдүн соңунда Консулдук конвенция келишимине кол коюшту. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук башкармалыгынын жетекчисинин орунбасары Эрик Бейшембиевдин айтымында, бул документ Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыктарын Индияда жана Индия жарандарынын кызыкчылыктарын Кыргызстанда толук коргоого алууга шарт түзөт жана виза ачуу прцедураларын жеңилдетет. Айта кетүүчү нерсе, Консулдук конвенция келишими мамилелери жакшы жолго коюлган мамлекеттер ортосунда гана түзүлө турган документ болуп эсептелет.

31-январда Индиянын тышкы иштер министри Жасвант Сингх президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев жана коргоо министри Эсен Топоев менен жолугуп, Кыргызстан-Индия мамилелери боюнча иштиктүү сүйлөшүүлөр өттү.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Индиянын «Бириккен Улуттар Уюмунун деңгээлинде эл аралык терроризмге каршы күрөшүү конвенциясын кабыл алалы» деген демилгесин Кыргызстан дагы колдой тургандыгын билдирди.

Кыргыз өкмөт башчысы менен жолугушуу маалында эки өлкө ортосундагы экономикалык-соода байланыштары тууралуу сөз жүрдү. Белгилей кетүүчү нерсе, 1997-жылы Индия Кыргызстанга 5 миллион доллар өлчөмүндөгү кредит бөлүүгө макулдугун берип, анын 2 миллион 700 миң доллары гана колго тийген. Премьер-министр Николай Танаев кредиттин калган бөлүгүн Индия Кыргызстандын экологиялык шартын жакшыртууга, так айтканда, уран шакелдери көмүлгөн жерлерди бекемдөөгө жумшаса деген сунушун айтты:

- Бизде аскердик-технологиялык байланыштарды чыңдоого жакшы мүмкүнчүлүк бар. Кыргызстандын «Дастан» заводу өзүнүн чыгарган продукцияларынын 80 пайызын Индияга сатат. Бул байланышыбыз мындан ары да чыңдалса деген ойдобуз.

Бирок кыргыз өкмөт башчысы «Дастан» заводу кандай продукцияларды чыгарып, Индияга эмне сатып атканын тактаган жок. Мунун кандай товар экендигин Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мирбек Койлубаев дагы, «Дастан» заводунун атын атабоону өтүнгөн өкүлү да бул маалымат аскердик сыр экендигин ошондуктан аны ачыкка чыгарууга болбой тургандыгын билдиришти.

Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы өкмөт аралык комиссия ушул жылдын 24-25 мартында кезектеги отурумуна чогулмакчы.

XS
SM
MD
LG