Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

РЕФЕРЕНДУМ ЖӨНҮНДӨ ОРУСИЯДА ЖАШАП АТКАН КЫРГЫЗДАРДЫН ӨКҮЛҮНҮН ПИКИРИ


Муса Мураталиев, Москва Орусиянын Урал аймагында жана башка түндүк аймактарында жашап жаткан кыргыздардын айрым топтору жекшембиде Кыргызситандагы конституциялык реформага карата өз оюн билдирмекчи. Уралдагылар жана батыш сибирдиктер референдумду кандайча өткөрүшөөрү туурасында Сибирь аймагында жашап аткан кыргыздар коомунун төрагасы Жыргалбек Белеков (Екатеринбург калаасы) маек курат.

- Жыргалбек баатыр, Орусиянын түндүгүндө, өз Мекенинен алыста жүргөн кыргыздар менен иш алып барып атасыз, мен билгенден, сиз ал жерде диаспора төрагасысыз. Кыргызстанда бир күндөн кийин боло турган референдумга сиздерде кандай катышканы жатат?”

- Бул жерде, референдум боюнча штаб түзүлгөн. Анын башкы кеңсеси – башкы консулдукта жайгашкан. Экинчиси – урналарды алып чыгып, базарда иштегендерге ошол жерде орду ордунан таап, аларга бюллетень салдыртып, штабга алып келишет.

- Кыргыздар совет тушундагыдай келип бюллетень салып бергени атышабы же документтин ариби менен таанышып аки-чүкүсүн териштирип, бул жери жакшы экен, бул жери жаман экен деген пикирлери болдубу?

- Жок, суроолору болду. Документти толуктаган жериндеги текст менен маакул болгондору бар маакул болбой, каршы чыккандары бар. Азыр совет учурундагыдай баары бир деңгээлде 99 процент добуш берүү жок да. Соода-сатык кылып жүргөндөр менен сүйлөшүп аларга эки маселени түшүндүрүп, документтин редакциядан өткөндөн кийин кошулган жаңы жерлери менен Аскар Акаевич Акаевдин 2005 – жылга чейин калгандыгы туурасында түшүндүрүп айтып чыктык. Элдин ою ар кандай.

- Ошол жерлерин айта кетпейсизби. Жактырганы эмне үчүн жактырбаганы эмне үчүн дешет? Уюштуруу ишине аралашып аткандан кийин, сизде мындай маалымат болууга тийиш, айта кетиңиз. Элдин маанайы кандай? Добуш берүүгө качан келгени атышат? Баш аягы канча киши келе тургандай?

- Шайлоо 2-февралда, жекшемби күнү болот да. Биринчи штаб – башкы консулдукта. Экинчиси - базар жанында, бул жерде Таганский ряд деп коет ошол жердин жанында Маданият үйүндө, үчүнчүсү - машине менен «Уралмаш» базарына, «Чаар ташка» , «Кировское», “Арнельские приборы” деген жерге барып добуш жыйнап келишет. Жекшембиде көрөбүз эл кандай келээрин, албетте, каалоолору, ар кыл пикирлери бар, бирок аны эми добуш берүү маалында билдиришет да.

- Сиз атап кеткен үч жер менен чектелеби же Сибирде башка да шаарларда добуш берүү уюштурулабы?

- Биздин консулдук Урал федералдык округу менен Сибирь федералдык округуна кирген 21 областтагы мекендештерибизди тейлейт. Башка жерлерди билбейм, бирок Хакасияда да болот деп атышат.

- Сиз санап кеткен жерлерге баш-аягы канча киши келе тургандай?

- Чоң базарлар бар майда базарлар бар. Майда базарларда 40-тан 50-гө дейре кыргыздар бар. Чоң базарларда 1 миңден 2 миңге дейре кишилер бар.

- Екатеринбургдун тегерегиндегилериби?

- Екатеринбургдун өзүндөгү кыргызстандыктар.

- Алардын баары кыргыздарбы же арасында Кыргызстандан келген тили буруулары да барбы?

- Кыргыздар, өзбектер, уйгурлар, орустар...

- Иши кылып, добуш берүүгө жарагыдай эки миңдей Кыргызстандык атуул бар экен да?

- Ооба, ошондой. Алардын 75 пайызы жогорку билимдүү кишилер. Арасында мугалим, юрист, медициналык билими бар кишилер бар.

- Журтубуз кулактар болуп койсун деп өзүңүз менен сүйлөшүп калдык, бала-бакыраңыз менен жакшы туруңуз.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG