Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:30

ТАЛИБДЕР МЕНЕН АЛ-КАИДАЧЫЛАР ООГАНСТАНДА АКТИВДЕШҮҮДӨ


Дүйшөмбү күнү Ооганстандын түштүк чыгышында америкалыктар менен коалициянын аскерлери жана талибдер ортосунда күн бою созулган салгылашуу болду. Салгылашууда талибдердин кеминде 18 жоокери жок кылынган. Бул жана башка танык-далилдерге караганда, качкын талибдер Пакистанга чектеш аймактарда катарын толуктап, ал турсун, жаңы өкмөт курган имиш.

Өткөн жылдын март айында “Анаконда” операциясы башталгандан бери издеген жоосунун изине түшө албай жүргөн 8 миң колдуу америкалык аскерлерге дүйшөмбү күнү күн бою салгышууга туура келди.

Ооганстандын түштүк чыгышындагы Кандагар провинциясындагы Ади Гхар кырка тоосунда болгон салгылашууга талибдер тараптан 80 чукул согушчан катышкан. Коалициялык күчтөр талибдерди ээлеген өңүтүнөн А-1 бомбардировшиги, Норвегиянын аба күчтөрүнүн Ф-16 истребителдери, ок-снаряддарды жамгырдай төкчү АС-130 самолету жана “Апачи” тик учарларынын жардамы менен араң сүрдү. Күн бою созулган салгылашууда талибдер 18 адамын жоготкон.

Эртеси күнү америкалык аскерлер согуш өткөн жайга жакынкы жылгаалардан таш чырак, жууркан-төшөк, азык-түлүк, суу, даары-дармек сыяктуу катаал шартта жашоого зарыл заттар жыйналган 160 жакын үңкүр-жабыттарды жана ээсиз калган көптөгөн качыр-эшектерди табышты.

Ооган бийликтеринин айтышынча, чек ара контролу жоктугунан пайдаланып, талибдер советтик аскерлерге каршы согушта курулган жабыт-үңкүрлөргө Пакистандан алынып келген куралдарды топтошкон.

Батыштын, анын ичинде АКШнын чалгындоо кызматынын тастыкташынча, акыркы айларда талибдерге ишенимдүү күчтөр, пакистандык согушчандар жана таасирлүү козголоңчу лашкер башчы Хекматиярдын тарпкерлери өз ара кызматташууну бекемдеп, Хамид Карзайдын өкмөтүнө жана коалициялык күчтөргө нааразы лашкер башчылардын топтоп, башын бириктирүүдө. Ал эмес, алардын адамдардын согуштук өнөргө машыктыруу максатында тоо арасында “ал-Кайиданын” инструкторлорунун жетеги астында чакан көчмө аскерий базалар ачылган.

Бул иштердин баарын пакистандык талибдер өзөгүн түзгөн «Жайши-е–Мохаммед», «Аракат-ул-Мужахиддин» жана «Лашкар-е-Таййиба» топтору уюштурган. Ал эми өзбек, чечен жана тажик жоочуларын, «Ассошиэйтед пресс» агенттигинин билдиришинче, Өзбекстан ислам кыймылынын окко учкан лидери Жума Наманганинин орун басары Тахир Юлдаш кары жетектейт.

Молдо Омардын өкмөтүндө чалгындоо кызматын башкарган Ахмадулла карынын кеңешчиси Убайдулланын сөзүнө караганда, пуштундар жашаган аймактарда талибдердин өкмөтү түзүлгөн. Молдо Омар жаңы өкмөттүн аскер башчылыгына Урузган провинциясынын мурдакы губернатору Молдо Бурадер дайындалган. “Анаконда” операция тушунда америкалык аскерлерге каршы турган күчтөрдүн командачысы Сайиф-ур Рахман Газни, Пактия, Хост жана Гардез провинциялары үчүн башкы уюштуруучу, чыгыштагы Нангархар, Кунар жана Лагман провинциялары үчүн мурдакы талиб өкмөтүндөгү үчүнчү адам - Маулви Абдул Кабир дайындалган. Тактап айтканда, талибдер бардык провинцияларда административдик жана аскерий структураны түзүп, бийликти алууга кам көрүүдө.

Ооганстандык ырасмий адамдардын айтышынча, Пакистанда былтыр октябрда болгон шайлоодо исламчыл партиялар парламенттеги орундардын бештен бирин жеңип алып, саясатка активдүү аралаша баштагандан кийин, талибдер менен “ал-кайидачылар” өзгөчө активдүү боло башташкан.

Диний партиялар, “Нью-Йок Таймс” гезитинин маалымдашынча, Пакистандын Ооганстанга чектеш эки провинциясын көзөмөлдөйт. Бул жагдай Хамид Карзай башындагы батышчыл ооган өкмөтүнө каршы күчтөрдүн Пакистанга эркин каттоосуна мүмкүндүк ачкан. Ушундай жагдайдын улам, ордо шаар Кабулда азыр АКШ кокус Иракка согуш ачса, Хамид Карзайдын өкмөтүнө каршы күчтөрдү өзгөчө жандандырып, алар жер-жерлерде өз бийлигин орното баштайт деген кооптонуу күчтүү.

XS
SM
MD
LG