Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:02

“ТАЙМС”: СОГУШКА АЛТЫ АПТА КАЛДЫ


Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш жума күнү Вашингтондо Британиянын премьер-министри Тони Блэр менен жолугуп, Ирак проблемасын талкуулады. Эки лидер тең Бириккен Улуттар Уюмунун чечимдерин аткарбай жатканы үчүн президент Саддам Хусейнди айыпташты. Эгер коопсуздук кеңеши кошумча дагы бир резолюция кабыл алууну чечсе, анда бул иш тез арада жасалышы керек, анткени проблеманы жайчылык жол менен жөнгө салуу үчүн берилген убакыт бүтүп баратат.

Президент Буш биргелешкен пресс-конференцияда Ирак проблемасы бир нече аптанын ичинде чечилүүгө тийиш деп кайрадан кесе белгиледи. Британ премьери Блэр бул ойду коштоп, Саддам Хусейндин режими мындан ары деле эл аралык инспекторлор менен жарытып кызматташарына ишенбей тургандыгын билдирди. Ошондуктан проблеманы жайчылык менен жөнгө салганга эми убакыт өтө зык болуп калды, деп айтты британ премьери. Бирок Буштан айрымаланып Блэр Иракка каршы акция баштардан мурда маселени ООНдо дагы бир ирет талкуулап-таңашып алууну эп көрөт. Америкалык президент деле түпкүлүгүндө коопсуздук кеңешинде кошумча резолюция кабыл алынышына каршы эмес, бирок анда конкреттүү талаптар коюлушу керек. Улуттар уюму экинчи резолюция алгысы келсе, биз муну кубаттайбыз, болгону мындай иш Саддам Хусейнди куралсыздандырууга чечкиндүү турганыбызды билдирген кошумча сигнал болууга тийиш, деп эскертти Буш. Коопсуздук кеңешинин биринчи резолюциясы деле, Буштун сөздөрү боюнча, жигердүү аракеттерди жасаганга мүмкүндүк берет. Саддам Хусейн түшүнүүгө тийиш, эгер ал куралсызданбаса, тынчтыкты каалабаса, биз баарыбыз биригип, аны баары бир куралсыздандырабыз, деп айтты Буш.

Буш менен Блэрдин жолугушуусун комментариялап, британдык “Таймс” гезити Иракка каршы согуштун башталышына алты апта калганын эсептеп чыкты. Февралдын ортосунда ООНдун инспекторлору Ирактын курал-жарактары тууралуу коопсуздук кеңешинде дагы бир жолу отчет беришет. Андан соң болжол менен төрт аптадан соң, бардык аян-апаздарга караганда, аскери операция башталат сыяктанат, деп жоромол жасайт “Таймс”. Газета ошону менен бирге Вашингтон-Лондон альянсына ООНдун коопсуздук кеңешинде Багдаддын проблемасын аскер күчүнө салып чечүүгө караманча каршы чыгып жаткандардын добушун алуу оңой болбой турганын эскертет. Кеңештин он беш мүчөсүнөн азыр төртөө гана аскери операцияны колдошот, ал эми ырасмий санкцияга ээ болуу үчүн бери дегенде алардын тогузунун макулдугу керек. Кытайлык эксперттер да Кошмо Штаттарына Иракка каршы согуш ачканга мандат берүү Коопсуздук кеңешинде азыр дээрлик мүмкүн эмес деп эсептешет.

Айтмакчы, январдын экинчи жарымында өткөрүлгөн дүйнөлүк коомдук пикирдин сурамжыларында Иракка каршы согуштун таптакыр кажети жок деп ойлогондор америкалыктардын арасында 21 процентке жетерин,ал эми 34 проценти бул үчүн ООНдун санкциясын алуу зарыл деп эсептей тургандыгын көрсөттү. Америкалыктардын 33 проценти санкциясы жок эле Саддамдын сазайын берсе болот деген пикирде. Британияда болсо бир тараптуу акцияларды калктын 10 проценти гана колдойт экен. Калганы согуштун дегеле кереги жок же аны жалпы дүйнө жарнакташып жүргүзүүгө тийиш деп эсептешет. Ирак менен урушканды каалабагандар Германияда,Францияда жана Россияда калктын басымдуу көпчүлүгүн түзүшкөн. Аталган өлкөлөрдүн өкмөттөрү да азыр ушундай позицияда турушат.

Багдадда болсо ООНдун башкы инспектору Ханс Бликс менен МАГАТЭнин директору Мохаммад ал-Барадейини Ирактын жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнгө таклип кылып, алардын жообун күтүп жатышат. Ишемби күнү ал-Барадейи ырастаган маалыматтар боюнча, инспекция жетекчилери алардын шартын Багдад кабыл алса, ирак жетекчилери менен жолугушкандан эч качан качпайт. Инспекторлор Багдаддан бир катар ирак илимпоздору менен ырасмий бийлик өкүлдөрүн катыштырбай, жекече аңгемелешкенге мүмкүндүк берүү талабын коюшкан эле. Мындан тышкары инспекторлорго атайын кайгоолчу самолетторду пайдаланганга, алардын коопсуздугун камсыз кылганга кепилдиктер түзүлүшү зарыл. Ал эми ишемби күнкү инспекцияда эл аралык эксперттер онго чукул обьекттерди текшерип чыгышты.

XS
SM
MD
LG