БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны үй-бүлөдөгү ар кандай зордук-зомбулукка каршы мыйзам кабыл алды. Мыйзам долбоорун өлкөдөгү Көз каранды эмес окумуштуу юристтер ассоциациясы, ошондой эле Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз-Орус (Славян) университетинин юридика бөлүмүнүн өкүлдөрү даярдашкан. Бул мыйзам үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка дуушар болгондорду социалдык-укуктук жактан коргоого алып, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирине болгон зордук көрсөтүүсүнүн алдын алат. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын маалымат кызматы кабарлады.