Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ РЕФЕРЕНДУМДУ БАЙКООЧУЛАРДЫН ДАЯРДЫГЫ КАНДАЙ?


2-февралда боло турган референдумга Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары гана эмес, абройлуу бир катар эл аралык уюмдардын байкоочулары да катышпайт. Ал эми Кыргызстандын өзүнүн 8 миңге чукул жараны байкоо салууга азыр камданууда. Байкоочулардын даярдыгы жана алардын референдум алдындагы аракеттери кандай?

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматкери Нина Мухинанын айтымында, 2-февралдагы референдумга эл аралык уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын 88 байкоочусу катышат. Кыргызстандык байкоочулардын саны 8 миңге жетет. Эл аралык байкоочулардан 4 адам, анын ичинде Малайзия менен Индонезиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчилери жана Орусиянын консулдугунун эки өкүлү Ош областындагы шайлоо чөлкөмдөрүнө байкоо салышат. Андан тышкары, түштүк региондо АКШнын Улуттук демократиялык институтунун байкоочулары көз салышат. Бул институттун байкоочулары мындан тышкары бардык региондордогу добуш берүүгө байкоо жүргүзүшөт. Ал эми КМШдагы мамлекеттерден келген байкоочулар Бишкек менен Чүй областындагы шайлоо чөлкөмдөрүндө болушат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин айтымында, комиссия алардын иштөөсү боюнча атайын жобо бекитти. Аны менен БШК чет элдик байкоочуларды 1-февралдагы жолугушууда тааныштырды.

- Бардык шайлоо участкаларында байкоочулардын иштеши үчүн баары көрүнүп тургандай атайын жайлар түзүлдү. Добуш берүү участкаларында атайын уруксаты бар байкоочулардан тышкары шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү гана боло алышат. Добуш берүүгө өз таасирин тийгизе ала турган эч бир мамлекеттик кызматкер, депутат, министр шайлоо участкасына барууга укугу жок, - дейт С. Иманбаев. Ал Борбордук шайлоо комиссиясы, жергиликтүү бийликтер жана байкоочулар да шайлоо мыйзамынын негизинде аракет кылаарына ишенгендигин билдирди.

Ал эми референдумга көзөмөл жүргүзүү боюнча 12 саясий партия жана коомдук уюм түзгөн республикалык штабдын төрагасынын орун басары Жыпар Жекшеев «Азаттык» радиосуна жер-жерлердеги айрым шайлоо комиссиялары «штабдын байкоочуларын киргизбейбиз» дешкенин маалымдады.

- Жалалабад областынын Аксы районундагы төрт айылдагы шайлоо участкасына биздин байкоочуларыбызды киргизбейбиз дешиптир. Алар Кызылжар айылындагы № 348-участок, Аркыт айылындагы № 326, Кошдөбө айылындагы № 345 жана Аксуу айылындагы № 343-участоктор. Булар «Силердин бир дагы байкоочуңарды киргизбейбиз» деп ачык эле айтышыптыр. Себебин айтпайт. Маселен, мына азыр эле Нарында жүргөн Турсунбек Акун менен байланыштык. Бизде саясий партиялардын күбөлүгү берилген. Ал күбөлүктөрдүн формасы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев менен макулдашылган. Бирок нарындыктар «ар бир күбөлүктүн өз номери да болуш керек» деген бир шылтоону ойлоп табышыптыр. А бизге «күбөлүккө номер коесуңар» деп айтышкан эмес. «Участканын гана номери жазылат» деп айтышкан. Ушинтип убара кылып, жасалма түрдө чоң проблемаларды жаратып жатышат. Андан кийин Бишкектин ичиндеги № 1047, № 1048-участкаларда «бештен ашык байкоочуларды киргизбейбиз» дешиптир. Бешөө тең «Ак Үйдүн» байкоочулары болсо анда биздин байкоочулар сыртта турууга мажбур болот. Ошондой эле № 1179-участокто ««байкоочу» деген күбөлүктөн сырткары мойнуңарга бейжик илгиле» деп жатышат. Ал тууралуу мурда сөз да болгон эмес.

Жыпар Жекшеев референдум учурунда байкалган мындай бут тосуулар тууралуу атайын билдирүү жасап, аны эл аралык уюмдарга чейин маалымдашаарын билдирди.
Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Галия Алымбекова республикалык штаб төрагасынын орун басарынын бул билдирүүсүн жокко чыгарды.

- Ал андай эмес. Себеби, азыр эле областтык шайлоо комиссиясынын катчысы Умсунай Алымкулова менен сүйлөштүм. Жөн эле жерден чуу чыгарып жатышыптыр. Эч кандай тоскоолдук жок. Эгер байкоочунун белгилүү участокко жолдомосу болсо эч кандай тоскоолдук жок. Комиссиянын төрагасына кайрылса, каттоодон өтүп, байкоосуна эч кандай проблема жок. Бир гана тоскоолдук болушу мүмкүн. Себеби, шайлоо участкалары жайгашкан жайлар тар. «Комиссиянын ишине тоскоолдук кылбасын» деген себеп менен эле айтышпаса, башка эч кандай тоскоолдук жок. Анан бейжик деген маселе да жок. Биздеги негизги талап - байкоого жиберип жаткан партиянын мөөрү басылып, төрагасынын колу коюлуп, «ошол шайлоо участкасына жиберилди» деген жолдомосу болуш керек. «Бейджик болсун» деп эч ким талап кылган эмес.

XS
SM
MD
LG