- Өткөн айда башталган сот 28-күнү өкүм чыгуу менен аяктады. Өкүм боюнча Дуванов Казакстан Республикасынын 120-статьясынын 1-пункту менен айыптуу деп табылып, 3 жыл 6 айга соттолду. Өкүм оппеляциялык сотто каралган жок, - дейт ал.
Андан ары прокурор бул катардагы эле кылмыш иши экенин, Дуванов кыздын 14 жашта экенин билип туруп зордуктаганын, андыктан аны саясый чууга айлантуунун кажети жоктугун түшүндүрдү.
- Жабырлануучу 25-январь 1988-жылы туулган. Кылмыш 27-нен 28-октябрга караган күнү 2002-жылы жасалган. Ошондо жабырлануучунун жашы 14төн араң ашкан. Өзүңөр түшүнсөңөр 14 жаштагы баланын тагдырын. Дуванов анын жашы канчада экенин билип туруп жасаган.
Кечке маал саат 4тө биз Сергей Дувановдун 50 жашка чыкканын белгилеп жаткан «Политон» клубуна келдик. Ал жерде карапайым адамдардан тартып, оппозициялык маанайдагы таанымал саясатчыларга чейин жыйналып, майрамдык шаң менен Дувановдун туулган күнүн белгилеп жатышыптыр. Биз ал жерден 94-98-жылдары Казакстанда вице-премьер-министр, андан соң Кустанай областынын акими, Казакстандын Түркиядагы элчиси кызматын аркалап, учурда жумушсуз жүргөн Балташ Турсунбаевди сөзгө тарттык.
- Мен Дувановду журналист катары билем. Казакстан калкында Дуванов, Алымжан Жакиянов, Мухат Авлязов сыяктуу азаматтар көп болгондо демократия болмок. Дувановдун бүгүнкү күнү камоого алынганын саясий процесс дегенге ким болбосун оозу барат. Соттоордун алдында Дувановду хулигандар сабап кетиптир. Биздин полиция ал хулигандарды издеген да жок. Дувановду «14 жаштагы кызды зордуктады» деген себеп менен түрмөгө салды. Саясий процесстерди токтотуу керек. Биздин чек арабыз ачык, Конституцияда «демократия кура турган калкпыз» деп дүйнө жүзүнө жарыяладык. Андай болсо телевидение, гезиттерге чыгаруу керек, - дейт Турсунбаев мырза.
Балташ Турсунбаевдин мындай пикири менен Казакстан парламентинин сенатору, Тандоо демократиялык кыймылынын саясый кеңешинин мүчөсү Заулеш Батталова да макул болуп, буларды кошумчалады:
- Сергей Дуванов - билимдүү, жеке Казакстанга эмес, Кыргызстанда, Орусияда жана башка мамлекеттерде таанымал журналист. Бул провакация. Сергей кылбаган кылмышты мойнуна тагып атышат. Ал өзүнүн позициясын туура далилдеп бере алды. Ал биздин өкмөттүн коррупциясы, авторитардык системасы жөнүндө өз оюн айткан үчүн аны соттоп атышат. Мен Сергей ушундай кылмыш жасады деп эч качан ишенбейм.
Жогоруда өз пикирлерин айткан саясатчылар Кыргызстан менен Казакстандын азыркы бийлик ээлери сөз эркиндигине, оппозициячыл саясатчыларга жасаган мамилеси боюнча көп айырмаланбайт деп да баса белгилешти.