Артта калган 42 жылдык тарыхында АКШнын космос тармагы ушуну менен экинчи ирээт ири кырсыкка кабылды. 1986-жылы "Челленджэр "деп аталган космос кемеси абага көтөрүлгөндөн 80 секунддан кийин жарылып кетип, анда да жети астронавт курман болгон эле. Ал эми көп жолу пайдаланылуучу "Колумбия " космос кемеси болсо жерге коноор алдында алтымыш бир миң метр бийиктикте жарылып, эми АКШ алты космонавтын жоготту. Кеменин бортундагы жетинчи адам – Илан Рамон жөөт жараны, Израилдин биринчи космонавты эле. Израил өзүнүн алгачкы космонавтын улуттук баатыр катары тосуп алууга даярданып жаткан.
"Колумбия " кемеси менен НАСА космос агенттигинин Хьюстондогу учууларды башкаруучу борборунун ортосундагы байланыш ишемби күнү Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 19да, кеме жерге конооруна он алты минут калганда үзүлгөн. НАСАнын жетекчилиги азырынча кырсыктын себептерин айта элек. "Колумбия"- НАСАнын эң эски космос кемелеринин бири эле. 1981-жылдан бери ал космоско 28 жолу көтөрүлгөн.
Адегенде эле кырсыктын себептеринин бири катары каралган "террордук акт "деген жоромолду АКШнын Федералдык тергөө бюросу, Ички коопсуздук боюнча департаменти жокко чыгарды. Коопсуздук чаралары кеме абага көтөрүлгөн 16 январдан тарта эле күчөтүлгөн болчу. Себеби, анын бортундагы израилдик космонавт Илан Рамон учкуч катары 1981- жылы Ирактын атомдук реакторун бомбалоого катышкан экен. НАСА агенттигинин башкаруучусу Шон О’Кифтин айтымында алгачкы жыйынтыктарга караганда, "Колумбия" космос кемесинин жарылышында террордук актынын белгиси жок:
- Азыр бизде кырсык жерден бир нерсе же кимдир бирөө аркылуу жасалды деген белги жок.
АКШ президенти Жорж Буш курман болгон космонавттардын үй-бүлөлөрүнө телефон чалып, көңүл айтты. Көңүл айтуу телеграммаларын АКШга бир катар дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлери да жиберди. Президент Ж. Буш америкалыктарга телекайрылуу жасаган учурунда белгилегендей, "Колумбия " космос кемесинин кырсыкка учурашы, АКШнын космос программасы токтойт дегенди билдирбейт:
- Космоско учуу улантылат. Биз бүгүн асмандан талкаланууну жана трагедияны көрдүк. Мындан ары биз жакшылыкты жана үмүттү көрө алабыз.
НАСА агенттиги кырсыктын себептери аныкталганга чейин мурда белгилеген учуулардын баарын убактысынча токтотту. Агенттиктин учуу программаларын башкаргандардын бири Билл Ридинин айтымында:
- Менин экипажга жана алардын үй-бүлөлөрүнө биз жаңы баштаган иликтөө иштери учурунда кырсыктын себептери аныкталып, такталаарын убада кылам. Андан кийин биз алдыга жыла алабыз.
НАСА агенттиги маалымдагандай, кырсыктын себептерин иликтөө иштерине АКШнын кеминде үч федералдык мекемеси тартылууда.
Ак үйдүн өкүлдөрү АКШ президенти Жорж Буш орус президенти Владмир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдиришти. Тараптар АКШнын космос кемелерин учурууну убактысынча токтотушу эл аралык космос станциясына керектүү заттар менен жабдууларды жеткирүү иштерине кандай таасир тийгизээрин талкуулашкан. Учурда эл аралык космос станциясында эки америкалык жана бир орусиялык космонавт бар.
Ал эми АКШнын өзүндө "Колумбия" космос кемесинин сыныктарын издөө иштери улантылууда. Кеменин сыныктары үч :Техас, Луизиана жана Арканзас штаттарынын аймактарына түшкөн. Техастан космонавттардын сөөктөрүнүн айрым калдыктары да табылды.