Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:12

ЧЫГЫШ ЕВРОПАНЫН МУРДАГЫ ЖАНА АЗЫРЫ ЛИДЕРЛЕРИНИН ТАГДЫРЛАРЫ


Үстүбүздөгү аптанын соңку күнүндө, 2-февралда Чех Жумуриятында президент Вацлав Гавелдин кызмат мөөнөтү аяктады. Чыгыш Европа коммунизмдин чынжырын үзүп, Маскөөнүн үстөмөндүгүнөн бошоно баштаган коогалуу 1989-жылы бийликке келген Гавел аймакта ошол кездеги замандаш кесиптештеринин бардыгынан узак мезгил мамлекет башында турду. Чыгыш европалык коммунист лидерлер, Гавел менен тагдырлаш адамдардын азыр кимиси кайда, алардын ордун кимдер басты? Ушул темадагы уктурууну ЖЖ сунуш этет.

Вацлав Гавел атасы ири өнөр-жайчы болгону үчүн, жогорку билим ала алган эмес, анти-коммунисттик көз караштары үчүн куугунтук жеп, түрмөгө түшүп чыккан. Драматург-жазуучу 1989-жылы чехтердин жана словактардын баркыт төңкөрүшүндө көрүнүктүү роль ойноду. Массалык демонстрацияларга туруштук бере албай, коммунизмдин пайдубалы урагандан кийин, Гавел Чехословакиянын пост-коммунисттик биринчи президенти болуп калды. Ал эми эки эл өз-өзүнчө түтүн булаткан 1993-жылы ал Чех Жумуриятынын президенттигине шайланды. Чехиялык активист-саясатчы Петер Штепанек 2-февралда отставкага кетип жаткан Гавелди Чехословакиянын негиздөөчүсү, республиканын тунгуч президенти Ян Масарыкка салыштырды:

- Гавел басымдуу көпчүлүк үчүн Мазарык сыяктуу эле, боштондуктун символу болгон жана Мазарык сыяктуу эле, элди боштондукка жеткире алды. 1989-жылдан кийинки өткөөл мезгилде ал коомдук өнүгүүнүн багытын аныктап, коммунисттерди демократиялык институттарга жуукташтырды. Бир аз сыркоолоп жүрдү, бирок кийин чех коомунунун ачык демократиялык системага өтүшүнө тикесинен туруп кызмат кылды. 1990-жылдардагы жеке менчиктештирүүнүн жүрүшүндө орун алган коррупциялык иштердин бир катары ашкереленди. Мында да Гавелдин салымы болду.

Вацлав Гавел президенттик кеңсесин бошоткону менен, анын жаңы кожоюну ким болоору али белгисиз. Парламенттеги эки катар шайлоодо мен-мен деген талапкерлердин бири да жеңип чыга алган жок. Кийинки айлампалардан да жыйынтык болбосо, президентти парламент эмес, эл шайласын деген сунуш колдоо табышы мүмкүн, бирок буга зарыл болгон мыйзамдар кабыл алынганга чейин, кеминде жарым жыл Чех Республикасы президентсиз жетимсиреп калат. Деги 10 миллиондуу жумуриятта Гавелдин ордун басууга татыктуу адам барбы? Соңку шайлоодо жергиликтүү кеңештерге 90го чукул өкүлү шайланган көз карандысыз Жашылдар Коалициясынын мүчөсү Петер Штепанек мындай дейт:

- Гавел элдин айныксыз абийир добушу болгон, анын 1970-80-жылдардагы ишмердүүлүгү Гавелди ушул бийиктикке көтөргөн. Ошондуктан, өз доорунун символу болгон мындай адамдын ордуна киши табуу өтө кыйын. Бирок бул өлкөдө элдин ишенимин актаган президент боло алчу жүздөгөн, миңдеген адамдар бар.

Чехословакиянын акыркы коммунист президенти Густав Гусак 20 жыл бийликте турган. Ал 1989-жылы декабрда, кызматынан кетүүгө мажбур болгон. Гусак эки жылдан кийин азыркы Словакиянын борбору Братиславада көз жумган.

Уламышта чехтердин бабасы Чех, ал эми поляктардыкы Лех болгон деп айтылат. Ал эми Лех Валенса Польшанын пост-коммунисттик алгачкы президенти катары тарыхка кирди. Валенса 20-кылымдын 80-жылдарында коммунисттик бийлик менен өчөгүшкөн "Боордоштук" аттуу кесиптик кошуундун жол башчысы болгон. 1995-жылдагы шайлоодо ал экс-коммунист Александр Квасниевскийден жеңилип калды. 59 жаштагы Валенса бүгүн Америка Кошмо Штатттарында студенттерге дарс окуйт. Кесиби кеме куруучу жумушчунун коммунисттик доордогу кайнаса каны кошулбас душманы, коммунисттик Польшаны ондогон жылдар башкарган генерал Войцех Ярузельский бүгүн 1970-жылдары жумушчулардын нааразылык акциясын атууга буйрук бергени үчүн соттолуп жатат.

Венгрияда Арпад Гөнц 1990-жылы президент болуп шайланды. Жазуучу, экинчи дүйнөлүк согуштагы нацисттерге каршылык көрсөтүү кыймылынын жол башчысы 1956-жылдагы анти-советтик төңкөрүшкө байланыштуу абакта отуруп чыккан. Арпад Гөнцтү тилчи Давид Кара Шомфай мындайча эскерет:

- Арпад Гөнц биздин алгачкы перзидентибиз болгон. Ошол киши бир кезде коммунисттерге каршы чыгып, түрмөдө отуруп чыккан, жазуучу, адабиятчы киши. Коммунизм кулагандан кийин саясатка аралашып, Либерал партиясынын аркасы менен президенти болуп калды.

Жаңыл Жусубжан:
- Ал кандай президент болду?

Давид Кара Шомфай:
- Эми ар кандай дешет, мен өз оюмду айтсам, мен анча жактырган жокмун. Ал президент болуп турганда Демократиялуу партиядан шайланган өкмөткө каршы турган. Бирок аны жактагандар да көп. Кийин президент болбой калса да, саясатка аралашып жүрөт.

Жаңыл Жусубжан:
- Кандай болгондо да, Арпад Гөнц өз каалоосу менен кызмат ордун бошотту, ал эми Борбор Азиядан президенттер мыйзамдарды өзгөртүп алып, бири да бийликтен кете элек.

Давид Кара Шомфай:
- Ал өз каалоосу менен кеткен жок. Бизде мыйзам боюнча, эки мөөнөт бүткөндөн кийин президент кетиши керек. Кыргызстанда да ошондой болчу, бирок Акаев мыйзамды өзгөртүп, үчүнчү жолу шайланбадыбы. Ал эми бизде эки жолу шайлангандан кийин, ал президент кетиши керек.

Давид Кара Шомфай Венгриянын алгачкы пост-коммунисттик президентин эскерди. Белгилүү кыргыз таануучу Кара Шомфай саясатта оңчул позицияны карманаарын эскерте кетмекчибиз. Венгрия коммунизм менен кол үзүшөөрдүн жуп алдында өкмөттү реформист Миклош Немет башкарып турган. Немет азыр Лондондо банкта иштейт.

Румынияда Ион Илиеску коммунист диктатор Никола Чаушескунун министри болгон. 1989-жылдын этегинде Чаушеску кулатылып, шашылыш өлүм жазасына тартылгандан кийин Илиеску каршы тарапка өтүп, 1990-жылы президент болуп шайланды. Алгачкы мөөнөтүндө ал реформаларды үзүл-кезил жүргүзгөнү жана студенттик демонстрацияларга каршы шахтерлерду тукурушу менен эсте калды. Бирок 72 жаш курагындагы Илиеску 2000-жылы кайра шайлангандан бери Румыния НАТОго жана Европа Биримдигине кирүүгө шайма-шай камылга көрө баштады.

Чыгыш Германияда алгачкы демократиялык добуш берүүдө шайланган өкмөт башчысы Лотар де Майцер болгон. Жумурияттын эң акыркы коммунист лидери Эгон Кренц1990-жылы бийликтен кеткен. 62 жаштагы Майцер ал жылы эки Германиянын биригишине баш-көз болгон, азыр өз кесибинде адвокат болуп иштейт. Ал эми Эгон Кренц Кансыз согуштун мезгилинде Батышка качкан чыгыш германиялыктарды аттырганы үчүн алты жарым жылдык түрмө мөөнөтүн өтөп жатат.

Жыйынтыктап айтканда, Чыгыш Европадагы коммунисттик лидерлердин айрымдары бийликте турганда жасаган кылмыштары үчүн жазасын алса, башкалары жаңыланган Европанын саясий жана башка чөйрөлөрүндө өз ордун табышты. Негизгиси, Борбор Азиядан айырмаланып, бул аймак дээрлик толугу менен демократиянын нугуна түшүп, салыштырмалуу ынтымакта, стабилдүүлүктө жана эконимикалык барчылыкта жашап жатат.

XS
SM
MD
LG