Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:08

ИРАККА КАРШЫ СОГУШТУ МАСКӨӨ ТОКТОТО АЛБАЙТ


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы жылдарда Бирикккен Улуттарда Ирак маселеси каралганда, Америка Кошмо Штаттары сунуштаган чечимдерге Маскөө көп жолу каршы болуп келген. Бирок Иракка аскерий сокку уруу даярдалып жаткан азыркы учурда, Орусия ага өтө деле каршы чыккан жок.

Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин башкы деректири Мухаммед ал-Барадейинин айтымында, Ирактагы текшерүү иштерин толук бүтүрүү үчүн дагы бир нече ай убакыт керек. Бирок эл аралык инспекторлордун маалыматы Бириккен Улуттарда карала электе эле, Америка Кошмо Штаттары менен Улуу Британия Перс булуңуна аскер топтоого киришти, жана америкалык жетекчилердин айтымында, АКШ Иракка каршы согушту Бириккен Улуттардын жактыруусуз деле башташы мүмкүн.

Вашингтондун мындай катуу турумун, бирок, Алмания менен Франция гана сынга алууда, АКШ саясатын мурда сындап келген Кытай менен Орусиянын бул маселе боюнча саясаты азырынча бир кыйла жумшак. Маскөөдөн чыккан эң катуу сын - согуш баштоо-баштабоо маселеси эл аралык текшерүүнүн жыйынтыктары менен гана байланыштуу болууга тийиш, ал эми инспекторлордун ишин бүтүрүү үчүн, дагы кошумча убакыт керек деген гана сөздөр. Орус тышкы иштер министрлигинин айтымында, Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши ноябрда кабыл алган резолюцияда Ирактагы эл аралык текшерүүнү аяктоо мөөнөтү тууралуу эч нерсе деп айтылбайт. 28-январда болсо, президент Владимир Путин инспекторлордун ишине Багдад тоскоолдук түзсө, Иракка каршы турумун Маскөө катуулантышы да мүмкүн деп билдирди.

Ирак менен Орусия ортосунда мунай өндүрүү багытындагы кызматташуу бир топ кеңири экендиги белгилүү жана Ирак Орусияга бир нече миллиард доллар карыз. Бирок 2001-жылдын сентябрынан кийин Вашингтон менен Маскөө ортосунда эл аралык терроризмге каршы күрөштөгү кызматташуу күчөгөндөн бери, эки өлкө ортосундагы араздашуу бир топ кыскарды. Терроризм менен күрөшүү шылтоосу менен Орусия Чеченстандагы согушту күчөтүүдө, ал эми АКШ бул согуштагы адам укуктарынын кеңири бузулушу жөнүндө дээрлик унчукпай калды. Өз кезегинде Маскөө дагы АКШнын Ооганстан же Ирактагы аракеттерине башкача мамиле кылууда.

Экинчи жагынан, америкалык чечимдерге каршы чыгуу үчүн Орусиянын азыр чамасы деле жок, ошондуктан дүйнөдө жалгыз калган дөөлөт менен араздашкандан көрө, аны менен толук макул болбосо дагы, жетээрлик деңгээлде кызматташып, андан өзүнө пайда тапкан алда канча туура болуп чыгууда.

Маскөөдөгү "Стратегиялык баа берүү институтунун" президенти Александр Коноваловдун пикиринде, АКШ тарабынан согушка жасалып жаткан даярдыктарды токтотуу өтө кыйын. Андан тышкары, 1996-жылга чейин өлкөдө иштеген эл аралык текшерүүчүлөр тапкан химиялык жана биологиялык куралдар кайда кеткендиги тууралуу Багдад азырынча жооп бере элек, ошондуктан Ирак өкмөтү эл аралык текшерүүчүлөр менен толук кандуу кызматташпаса, согуш жакында чындап эле башталат.

Коноваловдун айтымында, согушту Америка кошмо штаттарына болгон эл аралык катуу кысым гана токтотушу мүмкүн, бирок Орусия андай кысым кыла албайт:

- Бул маселе - Америкага сырттан болгон кысым менен өтө байланыштуу. Бирок, менин оюмча, Орусия андай басым жасай албайт. Орусиянын ага чамасы жок. Орусия жөн гана өз пикирин билдирип, Иракка каршы сокку уруу туура эмес деп айта алат, бирок эң катуу сынды француз менен немистер айтууда.

Ошентип, Иракка каршы согуш баштоо-баштабоо маселеси келерки апталарда АКШ менен Батыш Европалык мамлекеттер ортосундагы сүйлөшүүлөрдө чечиле тургандай.

XS
SM
MD
LG