Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

«КОЛУМБИЯ» КЕМЕСИНИН КЫЙРАШЫ: КОКУСТУКПУ ЖЕ ЖАҢЫЛЫШТЫКПЫ?


АКШда кырсыкка учураган "Колумбия "космос кемесинин сыныктарын издөө иштери улантылууда. Курман болгон жети космонавттын сөөктөрү да табылып жатат.Кеме Жердин атмосферасына киргенде анын кыртышын ысыктан коргоочу плиталардын айрымдарынын керектен чыкканы кырсыктын ыктымал себептеринин бири катары аталууда. Бирок, АКШнын космос агенттиги –НАСАнын жетекчилиги азырынча жыйынтык жасоо эртелик кылаарын билдирди.

АКШнын космос агенттиги-НАСА өлкөнүн космос программасынын 42 жылдык тарыхында экинчи ирээт болгон ири кырсыктын себептери ийне-жибине чейин иликтенээрин убада кылууда. Азыр адистер "Колумбия " космос кемеси эмне үчүн коноор алдында жарылып кеткенин аныктоого аракеттенип жаткан кези. НАСА агенттигинин баштапкы иликтөөлөрүнө караганда, кеме Жердин атмосферасына киргенде анын сол канатында температура жогорулоо менен басым да күчөгөн. Адистердин пикиринде, бул кеменин корпусунун кыртышын ысыктан коргоо максатында капталган плиталардын кээ бирлери түшүп калган, же ал плиталар бири -биринен ажырап тегиз болбой калган дегенди билдирет. Натыйжада, кеменин сол канатында температура жогорулагандыктан ал оңго ыктап, тең салмактуулугун жоготкон. Космос кемесинин кыртышын каптаган плиталар ал Жердин атмосферасына киргенде күчү миңдеген градуска чейин жетүүчү ысыктан коргоого жөндөмдүү. Жогорудагыдай жоромол жасаганы менен НАСАнын жетекчилиги азырынча кандайдыр бир жыйынтык чыгаруу эртелик кылаарын айтууда. Кырсыктын себептерин аныктоо иштери жаңы башталды, алдыда кеменин түрдүү сыныктарын иликтөө милдети турат.

Мурдараак "Колумбия "кемесинин кырсыкка учурашын ал абага көтөрүлгөн күнү байкалган көрүнүшкө байланыштырган божомолдор да болгон. Анткени, кеме космоско көтөрүлгөн күнү анын сол канатынын кыртышына кеменин май куюуучу сырткы бактарына капталган көбүктүн бир үзүндүсү келип тийген эле. Андыктан, ысыктан коргоочу плиталар ошондо зыян тарткан эмес беле деген суроолор чыгууда. НАСАнын өкүлдөрү ырастагандай, кеме учканда байкалган жогорудагы көрүнүш жетиштүү иликтенип, адистер кооптуу эч нерсе жок деген жыйынтыкка келишкен. Агенттиктин башкаруучуларынын бири Рон Дитмор жекшемби күнкү басма сөз жыйынында кабарчыларга мындайча түшүндүрмө берди:

- Биз ал фильмди көрүп, ошол канатка тийген сынык кандай кесепеттерди жаратышы мүмкүн экенин анализдөөгө көп убакыт сарптадык. Ал анализдердин, плиталар менен иштөө тажырыйбабыздын натыйжасында анда байкалган көрүнүш коопсуздук үчүн коркунучтуу эмес деген жыйынтыкка келгенбиз.

НАСАнын башкаруучусу Шон О'Кифтин айтымында, "Колумбия " космос кемесинин асманда кыйрашынын бир себеби катары, ал учканда байкалган жогорудагы окуя да каралууда, бирок азырынча ырастоо жасоо эртелик кылат.

Учурда АКШнын Техас жана Луизиана штаттарынын аймактарында кеменин чачырап кеткен сыныктарын издөө иштери уланууда. Мындай иш чараларга жүздөгөн полицейлер менен аскерлер тартылып жатат. Азыркыга чейин кеменин ар кандай көлөмдөгү жүздөгөн сыныктары табылды. Ошондой эле курман болгон жети космонавттын сөөктөрү да табылууда. Бүгүн Луизиана штатында кырсыктын себептерин иликтөө үчүн түзүлгөн эксперттик комиссиянын алгачкы жыйыны болот. Ал эми шейшемби күнү Хьюстон шаарынын Ж. Кеннеди атындагы космос борборунда АКШ президенти Жорж Буштун катышуусу менен аза күтүү каадасы өткөрүлгөн жатат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG