Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:38

КАНЦЛЕР ГЕРХАРД ШРӨДЕР БИЙЛИКТЕ КАЛА АЛАБЫ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага 2- февралда Германиянын Гессен жана Төмөнкү Саксония жерлеринде өткөн жергиликтүү шайлоодо Канцлер Герхард Шрөдердин Социал-Демократиялык партиясы жеңилип калды. Саясий байкоочулар муну канцлер Шрөдердин коалициялык өкмөтүнө ишеним көрсөтүү референдуму катары сыпаттап жатышат.

Төмөнкү Саксония жеринде христиан-демократтарга шайлоочулардын 49 пайызы, ал эми Гессен жеринде – 48,8 пайызы колдоо көрсөтүштү. Төмөнкү Саксония жерин 30 жыл бою социал-демократтар башкарып келгенин жана Герхард Шрөдер канцлер болуп шайланганга чейин ал жерде кезинде 12 жыл премьер-министр болгонун айта кетүү абзел. Ал эми Гессендин Ландтагындагы 110 орундун 56сы эми христиан–демократтарга тийешелүү болуп калды.

Христиан–демократтардын жеңиши менен немис парламентинин жогорку палатасы Бундесраттагы саясий күчтөрдүн ара катнашы христиан-демократтардын пайдасына өзгөрдү. Палатада көпчүлүктү түзүп калышкан христиан-демократтар эми федералдык деңгээлдеги көптөгөн маселелердин чечилишине олуттуу таасир эте алышат. Партиянын лидерди Ангела Меркел шайлоонун жыйынтыктары чыккандан кийин мындай деп айтты:

- Төмөнкү Саксониянын жаңы премьерлери жана башка жерлердин өкмөт башчылары менен бирдикте Бундесратта айкын, иштиктүү оппозициялык саясат жүргүзүп, Германияга жакпаган нерселерге бөгөт койуп, пайдалуу боло турган нерселерге татыктуу колдоо көрсөтө алабыз деп ойлойм.

Социал-демократтардын жеңилип калганын саясий байкоочулар, биринчи кезекте, Герхард Шрөдер баштаган өкмөттүн баш аламан ички саясаты менен байланыштырып жатышат. 1998-жылкы жалпы шайлоонун натыйжасында бийликке келген социал-демократтар өлкөдө структуралык реформаларды жүргүзүп, экономиканы көтөрүүгө убада беришкен, экономикалык реформалардын натыйжасында өлкөдө жумушсуздардын санын кескин азайтууга үмүттөнүшкөн. Бирок өкмөттүн өткөн жылдарда жүргүзгөн саясаты немистердин абалын жакшыртмак турсун, кайра начарлатты. Германия азыр терең экономикалык кризисте. Жылдык экономикалык өсүштүн көрсөткүчү учурда жарым пайыздын тегерегин түзөт. Өлкөнүн бюджетинин таңсыктыгы улуттук дүң өндүрүштүн 3 пайызынан ашты. Бул Европа Союзунда белгиленген чектен ашып кеткен. Жумушсуздардын саны согуштан кийинки рекордук деңгээлге жетти. Ошон үчүн жекшемби күнкү шайлоо, мындан болгону 4 ай мурда экинчи мөөнөткө канцлер болуп шайланган Шрөдерге көрсөтүлгөн ишеним кар эригендей жок болуп баратканын айгинеледи. Шайлоонун жыйынтыктары Шрөдерди колдоп келген жумушчулар, кызматкерлер жана 30 жашка чейинки жаш немистердин көбү бул жолу оппозициядагы христиан–демократтардын тарабына ооп кетишкендигин айгине кылды. Шрөдердин: "Германия Ирак согушуна катышпайт жана ООНдо боло турган добуш берүүдө согушка каршы кол көтөрөт" - деп ишендиргени да шайлоочуларды токтотуп кала алган жок. Немистер бул сапар канцлердин топон суудан жабыркагандарга дароо жардам бергендигин да эсепке алышпаган шекилдүү. Өткөн жайда топон суудан катуу жабыркаган Төмөнкү Саксония жеринде Шрөдердин социал-демократтары добуштардын 33 пайызына эле ээ болушту. Бул мындан беш жыл мурда болгон шайлоодогудан кеминде 14 пайызга аздык кылат. Мынчалык чоң жоготууга социал- демократтар согуштан кийинки жылдарда учурап көрбөгөн.

Социал-демократтар жергиликтүү шайлоого алардын федералдык деңгээлдеги саясаты түздөн-түз таасир эткендигин жакшы түшүнүшөт. СДПнын баш катчысы Олаф Шольц шайлоодон кийин мындайча билдирүү жасады:

- Биз төмөнкү Саксония менен Гессендеги шайлоодо уттуруп койдук. Бул - улуттук деңгээлде жүргүзгөн саясатыбыздын кесепети экени талашсыз. Биз аны жакшы түшүнөбүз жана келечекте бул олуттуу жагдайды эске алабыз.

Бирок айрым саясий байкоочулар Герхард Шрөдердин өкмөтү мөөнөтүнүн аягына чейин бийликте кала албайт деп эсептейт. "Мындай чар-жайыт саясатын улантып отурса, Шрөдер мөөнөтү аяктаганга чейин эле бийликтен кеткенге аргасыз болот", - дешет алар.

XS
SM
MD
LG