Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:20

ӨЗБЕКСТАН ИСЛАМ КЫЙМЫЛЫНЫН МУРДАГЫ МҮЧӨСҮ 25 ЖЫЛГА СОТТОЛДУ


Шайырбек Эркин уулу, Баткен Өзбекстан Ислам Кыймылынын жетектөөчү кеңешинин мурдагы мүчөсү Шерали Акботоевдин үстүнөн Баткен райондук сотунда 3-февраль күнү башталган сот жараяны 4-февралда аяктап, өкүм угузулду.

Баткен райондук сотунун төрагасы Памирдин Жумагулов жетектеген сот иши Шерали Акботоевге коюлган айыптарды угузуу менен башталып, ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 339-, 375-, 229- жана башка дагы үч беренесинин айрым пункттары боюнча, тактап айтканда “кылмышты жаап-жашыруу”, “жалданмачылык”, “мыйзамсыз түрдө куралдуу кошуун уюштуруу жана ага катышуу”, “терроризм”, “барымтага кармоо” сыяктуу айыптар тагылып жатканы айтылды. Ал эми соттолуучу Шерали Акботоев өзүнө коюлуп жаткан айыптарга жарым-жартылай макул экендигин билдирди.

Андан соң соттук териштирүү башталып, Шерали Акботоев 1999-жылы август айында өздөрүн “Өзбекстан Ислам Кыймылы” деп атаган куралчан топ Баткен облусунун аймагына кол салган учурда «кантип алардын катарына кошулдуң?» деген суроого барымтага түшкөн Баткен районунун ошол кездеги акими баштаган беш кишини бошотуш үчүн Кыргызстандын атайын кызматынын өкүлдөрү атайын тапшырма менен сүйлөшүүгө жөнөткөнүн, “сакалчандардын” башчысы Абдулазиз менен сүйлөшүп, барымтадагыларды бошотконун, бирок алар “Кыргызстан бизге Өзбекстанга өтүүгө жол ачып бермейинче кетпейсиң” деп алып калганын, ошол бойдон айласыздан алардын катарына кошулганын айтып берди.

Ошондой эле соттук териштирүүдө Шерали Акботоев барымтадагыларды бошотуш үчүн 200 миң АКШ доллары талап кылынганын, бирок ал сүйлөшүп, аны 50 миң долларга чейин түшүргөнүн, андан соң можахеддер менен кошо үй-бүлөсүн алып Тажикстанга өтүп, андан ары Ооганстанга барып, Өзбекстан Ислам Кыймылынын ыйманга чакыруу бөлүмүн жетектегенин билдирди. Мындан сырткары, Шерали Акботоев мурда айтылып жүргөндөй аны “Кыргызстандын атайын кызматтары узакка созулган операциялардан соң кармабай” эле өзү Кыргызстандын Ирандагы элчилигине кайрылганын айтты:

- Ооганстанда америкалык бомбалоолор башталганы Өзбекстан Ислам Кыймылы талкаланып, мүчөлөрү туш-тарапка чачырап, өзү менен өзү болуп калганда Ооганстандан Иранга өтүп, өз мекениме кетүү өтүнүчү менен Кыргызстандын Тегерандагы элчилигине кайрылдым, ошол жактан мени алып келишти.

Андан соң күбө катары суралган Баткендин Карабак айылындагы Шералинин мурдагы шакирттери, туугандары анын исламдын жоболору боюнча сабак бергенин, тек гана кийинчерээк башка жолго адашып кеткенин белгилешти.

Соттук териштирүүдөн соң жарыш сөзгө чыккан прокурор Рахман Нурмаматов коюлган айыптар боюнча 25 жыл жаза мөөнөтүн берүүнү суранды. Ал эми соттолуучунун адвокаты Арстан Айжигитов айып коюлуп жаткан 5 берене менен макул эместигин билдирип, жеңилдик берүүнү өтүндү.

Бул сот жараяны 4-февраль күнү кечке жуук аяктап, өкүм угузулду. Натыйжада Шерали Акботоев коюлган айыптардын бардыгы, тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин алты беренесинин айрым бөлүмдөрү менен күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен жалпысынан 25 жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү абагында өтөй турган болду.

Баткендин Карабак айылында туулуп-өскөн 41 жаштагы Шерали Акботоев жаш кезинен Өзбекстандын Кокон шаарында диний билим алып, кийинчерээк ошол шаардагы медреседе мугалим болуп иштеген. 1996-97-жылдарда Өзбекстанда диний көз караштагы адамдарды кысымга алуу башталганда өзүнүн туулуп-өскөн айылына баса берген. Ал эми 1999-жылы өздөрүн “Өзбекстан Ислам Кыймылы” деп атаган куралчан топ Кыргызстандын түштүгүнө кол салган учурда үй-бүлөсү менен алардын катарына кошулуп кеткен.

XS
SM
MD
LG