Вильнюс тобуна Чыгыш Европанын он өлкөсү: Албания, Болгария, Хорватия, Латвия, Литва, Эстония, Македония, Румыния, Словакия жана Словения кирет. Алар өз уюмун НАТОго кошулуу үчүн бирге аракеттенүү максатында 2000-жылы негиздешкен. Жогорудагы мамлекеттердин баары НАТОнун былтыр ноябрда Прагада болгон саммитинде ага кошулууга чакыруу алганы белгилүү. Вильнюс тобуна кирген өлкөлөрдүн Ирак боюнча билдирүүсү шаршемби күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешинде АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл сүйлөгөндөн кийин жарыяланды. Коопсуздук Кеңешиндеги жыйындын катышуучуларын документтин мазмуну менен Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Паси тааныштырды.
"Саддам Хусейндин режими жаратып жаткан ачык жана реалдуу коркунуч демократиялык мамлекеттердин шериктештигинен биргелешкен жоопту талап кылууда", -деп айтылат Вильнюс тобунун билдирүүсүндө. Ошондой эле Вильнюс тобуна кирген өлкөлөр өз билдирүүсүндө эгер Багдад Улуттар Уюмунун резолюцияларын аткарбоону уланта бере турган болсо, Иракты куралсыздандыруучу коалицияга кошулаарын ырасташкан. Алардын билдирүүсүндө Иракка каршы аскерий операция башташ үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин экинчи резолюциясынын зарылдыгы айтылбайт. Вильнюс тобунан мурда Ирак маселесинде АКШга тилектеш экенин Европанын сегиз өлкөсү жарыялаган. Ошентип, азырынча АКШ президенти Жорж Буш такай айтып жүргөндөй, Иракты куралсыздандыруу үчүн түзүлүшү мүмкүн болгон коалицияга кошулуучу өлкөлөрдүн саны18ге жетти. Илона Телеки - Вашингтондогу Стратегиялык жана Эл аралык изилдөөлөр борборунун Чыгыш Европа боюнда адиси. Анын пикиринде, Чыгыш Европа өлкөлөрү АКШнын аларды коммунизмден кутултуудагы ролуна жана НАТОго кирүүсү үчүн көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирүүдө:
- АКШ бул өлкөлөрдүн баары коммунисттик системадан кутулушунда фундаменталдык роль ойноду. Алар АКШны Батыш дүйнөсүнө аралашуусун камсыздоочу катары карайт.
Ал эми аналитиктердин айрымдары Чыгыш Европа өкмөттөрүнүн АКШнын турумун бекем колдошу калк ичиндеги маанай менен дайыма эле дал келе бербесин айтышат. Хелмут Сонненфелд - Вашингтондогу Брукингс институтунун эксперти. Адистин пикиринде, Чыгыш Европанын америкачыл туруму алар менен Батыш Европанын ортосуна ажырым алып келбейт, бирок Европа Биримдиги үчүн проблема жаратышы мүмкүн:
- Европа Биримдигиндеги өлкөлөрдө, алардын өкмөттөрүндө, маалымат каражаттарында мындан кооптонгон адамдар чыгышы мүмкүн. Чыгыш Европа Ирак маселесинде көрсөтүп жаткан колдоону басаңдатуу аракеттери да жасалышы ыктымал. Бирок, батыштыктар Европадагы жаңы бөлүнүүнү каалар-каалабасы жөнүндө өз чечимин чыгарышы керек.
Тед Карпентер - Вашингтондогу Като институтунун аналитиги. Ал Чыгыш Европанын америкачыл туруму чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн кээ бирлеринин Европа Биримдигине кирүү жолунда кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн деп эсептейт:
- Муну француздар менен өтө шекчил немецтер жасашы мүмкүн. Француз жана немец расмий өкүлдөрү узактан бери эле Кошмо Штаттар НАТО менен Европа Биримдигинин кеңейүүсүнө курсант болушунун бир себебин - бул өлкөлөр аталган эки институттагы АКШнын добушу болот деп шектенүү менен карап келишкен.
Учурда Европа Биримдигинде төрагалык кылган Греция Ирак боюнча уюмга мүчө өлкөлөр арасындагы пикир келишпестиктер четтетилишин көздөөдө. Өлкөнүн тышкы иштер министри Георгио Папандреу шаршембиде Улуттар Уюмунда өткөн басма сөз жыйынында буларга токтолду:
- Менин баамымда, бизде өзүбүз каалагандай эле бир аз пикир-келишпестиктер бар Менимче, эл аралык коомчулук, Европа Биримдиги же болочок Европа Биримдиги бөлүнүп калды деп сүрөттөө туура эмес. Мен ошондой эле жаңы жана эски Европанын ортосундагы ажырым кандайдыр бир ишеничке ээ эмес деп ойлойм. Бизде көп жалпы нерселер бар.
Айтор, Иракты куралсыздандыруу үчүн коалиция талап кылынса, ал кандай формада түзүлөөрү азырынча анык белгисиз. КАТО институтунун эксперти Тед Карпентер белгилегендей, Иракка каршы согуш башталса, Вильнюс тобуна кирген мамлекеттердин аскерий салымы аз эле болот, бирок алдардын саясий колдоосу маанилүү.