Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:38

ПАУЭЛЛДИН ЖҮЙӨЛӨРҮ БАГДАДДЫ ЖИБИТТИБИ?


БУУнун Коопсуздук Кеңешинде АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин Ирак боюнча жасаган билдирүүсү Европа өлкөлөрүн тегиз Американы колдоого көндүрө алган жок. Бирок, байкоочулардын баамында, Пауэллдин доклады Вашингтондун аскерий пландарына каршы мамлекеттерди аз болсо да, ойго салгансыды.

Европа мамлекеттери Колин Пауэллдин шаршембиде жасаган билдирүүсүн бир кылка кабыл алышкан жок. Пауэлл Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде чалгындоо мекемелеринин маалыматтарына, космостон тартылып алынган сүрөттөргө таянып, Ирак куралсыздануу программасын аткарбаганы айныксыз, ошону менен Багдад БУУнун соңку резолюциясын бузду, эми ал ал резолюцияда көрсөтүлгөн олуттуу кесепеттерге туш болушу керек деп билдирди. Ал эмес, тымызын жаздырылып алынган Ирактык жетекчилердин телефон аркылуу сүйлөшкөндөрүн угузуп, Багдад эл аралык инспекторлорду кантип алдап-адаштырып атканын көзгө сая далилдөөгө аракеттенди.

Кошмо Штаттардын башкы дипломатынын бул маалыматтары Европадагы Ирак согушун колдобогон башкы эки мамлекет – Германия менен Франциянын көз карашын кескин өзгөртүп жиберген жок. Азыркы тапта БУУнун Коопсуздук кеңешинде төрагалык кылып жаткан Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер буларга токтолду:

- Ирак согушу баштала турган болсо, ал алып келчү апаат, оор кесепеттердин коркунучу эбегейсиз. Ошондуктан, инспекторлордун Ирактагы ишин күчөтүп, кризисти тынч жол менен чечүү аракеттерин улантуубуз зарыл.

Германия Улуттар уюму Ирактагы аскерий аракеттерге уруксат берген күндө да, ал согушка катышпаарын кайталоодо. Франция болсо, анчалык катуу кетпей, эгерде дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдүн баары түгөнүп, Багдад Улуттар Уюмуна баш ийбей туруп алса, согуштук аракеттер башталышы абзел деген пикирде. Парижге кайтып баргандан кийин, Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпен Франция Иракта согуш ачуу жөнүндөгү БУУнун резолюциясы талкууланып калса, ага сөзсүз каршы чыгаарын ачык айтты. Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө ал Багдадга каршы куралдуу күч колдонуу – биз үчүн акыркы арга деп билдирген.

Кошмо Штаттардын Ирак боюнча маалыматтарын Вашингтондун башкы союздашы – Британия далилдүү билдирүү катары кызуу колдоп чыкты. Британиянын тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Жэк Стро Коопсуздук Кеңешиндеги кесиптештерин Иракка карата эски каталарды кайталабоого үндөй кетти:

- Биздин алдыбыздагы оор тандоого жана анын кесепеттерине келсек, жумулган көзүбүздү ачып, БУУнун соңку резолюциясын жакшылап окуп, Ирак бийлигин өзгөртүү керектигин түшүнсөк – жеңил жолго, ал эми эгерде 12 жылдан берки каталарыбызды кайталап, Саддамдын кооптуу куралдарды өз элин кыйнап-эзип, коңшуларды коркутууга пайдаланышына көз жума берсек - анда татаал жолду тандаган болобуз.

Коопсуздук Кеңешинин жыйынына катышкан Вашингтондун өкүлдөрү айрым өлкөлөрдүн элчилери коомчулук алдында АКШнын аскерий пландарына каршы сүйлөгөнү менен, көмүскө жолугушууларда Ирак Улуттар Уюмунун резолюциясына баш ийбегени анык болуп калды, минтип отурса, согуштук пландарды колдоодон башка жол калбайт деген пикирин айтышканын маалымдашат. Аналитиктер болсо, Пауэллдин маалыматы, бир жагынан, Коопсуздук Кеңешин Вашингтондун согуштук пландарын колдоого көндүрүүнү, 2-жагынан Багдадды курал-жарак инспекторлору менен активдүү кызматташууга мажбурлоону көздөгөнүн айтышат. Андай болсо, ал кандайдыр деңгээлде өз максатына жетти десе болот. Анткени Коопсуздук Кеңешинин айрым мүчөлөрү ачык болбосо да, аскерий аракеттер – аргасыз чара болоорун айта баштаса, жума күнү Багдад да инспекторлордун алдына коюлган айрым тоскоолдуктарды жоюу ниетин билдирди.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG