Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:18

Кыргызстандын укук коргоо кыймылы конференция өткөрдү


БИШКЕК. 7-февралда Кыргызстандын укук коргоо кыймылынын башкармалыгынын мүчөлөрү республикалык конференция өткөрүүгө чогулушуп, ноябрь айында башкармалык кабыл алган чечимди бекитүү максатын көздөштү. Конференциянын башталышында уюмдун төрагасы Турсунбек Акун бул конференция төраганын макулдугусуз өтүп жаткандыгын, ошондуктан, ал легитимсиз болоорун айтып, иш-чараны бийликтин демилгеси катары баалап, жыйындан чыгып кетти. Кыймылдын чакыруусу менен келген «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов жер-жерлерден келген делегаттардын жоктугун, башкармалыктын мүчөлөрүнүн аздыгын эске алып, бул жолугушууну конференция деп атоого негиз жоктугун белгиледи. Кыймылдын жыйынга келген айрым мүчөлөрү да ушундай эле ойлорун билдиришти. Ушул эле күнү кечинде кыймылдын төрагасынын орун басары Мелис Арыпбек уулу конференция укук коргоо кыймылын жоюу жөнүндө чечим чыгарганын жана чечимди юстиция министрлигине тапшыра тургандыгын билдирди.
Кыргызстандагы укук коргоо кыймылы 1992-жылы каттоодон өтүп, Турсунбек Акун анын төрагалыгына уюштуруу конференциясында шайланган. Ал эми аны жетекчиликтен четтетүү демилгеси былтыр ноябрь айында көтөрүлүп, аны журналисттерге кыймылдын төрага орун басары Мелис Арыпбек уулу 18-ноябрда жарыялаган. Анын себебин башкармалыктын мүчөлөрү төраганын уставды бузушу жана өлкөдө бейстабилдүүлүк жаратышы менен негиздеген.

XS
SM
MD
LG