Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:52

ИРАК:СОГУШ МЕНЕН ТЫНЧТЫКТЫН АРАЛЫГЫНДАГЫ АРАКЕТТЕР


Бириккен Улуттар Уюмунун инспекторлорунун башчылары Ханс Бликс менен Мохамед эл-Барадейи Багдадда Ирактын бийликтери менен сүйлөшүү өткөрүүдө. Алардын БУУнун Коопсуздук Кеңешине алдыдагы жума күнү бере турган отчету чечүүчү окуя катары күтүлүп жатат. Мунун аралыгында Франция жана Германия Ирак кризисин жөндөө боюнча өз планын даярдаганы белгилүү болду. Аталган эки өлкө АКШ менен Британиянын Иракка күч колдонуу демилгесине каршы. Ал эми Кошмо Штаттардын Чыгыштагы өнөктөштөрүнүн бири – Жапония Ирак инспекторлор менен толук кызматташпаганынан улам согуштан качуу мүмкүн эмес деп эсептейт.

БУУнун курал-жарак инспекторлорунун башчысы Ханс Бликс менен МАГАТЭ уюмунун жетекчиси Мохамед эл- Барадейи Багдадга ишемби күнү келишкен эле. Байкоочулардын баамында, инспекторлордун башчыларынын алдыдагы жума күнкү чечүүчү отчетунан соң, Коопсуздук Кеңеши Ирак боюнча өзүнүн кийинки кадамын аныктайт болушу керек. АКШ президенти Жорж Буш ушул бейшемби күнкү билдирүүсүндө Вашингтон Коопсуздук Кеңеши Иракка күч колдонууга уруксат берген экинчи резолюцияны кабыл алышын кубаттарын айткан. Жорж Буш ага катар АКШ ал резолюциясыз деле аракеттене берээрин ачыктаган болчу. Вашингтон Коопсуздук Кеңешинин өлкөгө инспекторлорду киргизип, алар менен кызматташууга милдеттендирген 1441-резолюциясынын талаптарын Багдад бузду деп эсептейт. БУУнун курал-жарак инспекторлорунун башчысы Ханс Бликс Багдаддагы сүйлөшүүлөрдү "пайдалуу" деп баалады. Ал эми МАГАТЭ уюмунун жетекчиси Мохамед эл-Барадейи сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайы жөнүндө кабарчыларга буларды айтты:

- Менимче, биз куралсызданууга байланыштуу чечилбеген маселелердин бир тобун карап жатабыз. Ирак тарап алардын айрымдары боюнча түшүндүрмө берүүдө. Албетте, биз көзөмөл учуулары, ирактык окумуштуулар менен маектешүү өңдүү, ошондой эле химиялык, биологиялык куралдарга, ракеталарга тиешелүү аткарылбаган маселелерди да талкуулоодобуз.

Маалымат агенттиктери БУУдагы булактарга шилтеме берип билдиргенине караганда, сүйлөшүүлөрдө Ирак тарап өзүнүн өзөктүк куралдар программасына байланыштуу мурда суралган документтерди берген. БУУ Ирактан анын аймагында чалгынчы учактардын учуусуна уруксат берүүнү талап кылууда.

Акыркы эки күндөн бери Ирак маселеси эл аралык деңгээлде талкууланган жер – Германиянын Мюнхен шаары болду. Бул жерде жыл сайын өтүүчү коопсуздук конференциясына дүйнөнүн 40тай өлкөсүнүнүн 250гө жакын расмий өкүлдөрү, саясатчылары чогулган эле. Конференцияда ишемби күнү чыгып сүйлөгөн АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд согушту эч ким каалабасын, бирок согуш коркунучуна караганда, кеңири кыргын салуучу курал өндүрүүгө аракеттенген Иракка каршы эч нерсе жасабай отура берүү андан да коркунучтуу экенин белгилеген. Андыктан, Рамсфелд "Иракты куралсыздандыруу үчүн күч колдонуу талап кылынса-дүйнө ага даяр болушу абзел ", -деп билдирген эле. Конференцияда АКШнын коргоо министринен кийин сөз алган Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер Иракка каршы согуш ачуу үчүн жүйө көрбөй турганын айтты:

- Кечирип коюңуздар, мен Иракка каршы согуш зарыл экенине ынанган жокмун. Бул менин проблемам. Мен коомчулукка согушка жүргүлө, анын тигил же бул себептери бар деп айта албайм. Мен аларга ишенбейм.

Мюнхендеги конференция учурунда белгилүү болгондой, АКШ менен Британиянын Иракка каршы күч колдонуу демилгесине каршы чыгып жаткан Германия жана Франция кризисти жөндөө боюнча өз планын даярдоодо. Маалыматтарга караганда, инспекторлорго кошумча Ирактын аймагына БУУнун аскерлерин киргизүүнү караган Германия менен Франциянын сунуштары расмий түрдө алдыдагы бейшембиде жарыяланышы мүмкүн. АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелддин айтымында, ал даярдалып жаткан план жөнүндө немец жана француз тараптан кандайдыр бир расмий кабар алган эмес.

Иракка карата бир тараптуу аскерий операцияга каршы экенин ушул ишемби күнү АКШнын Вирджиния штатында, жогорку окуу жайлардын биринде жергиликтүү студенттер менен жолуккан учурунда БУУнун баш катчысы Кофи Аннан да билдирди:

- Согуш - дайыма адамзаттык катастрофа. Мындай кадамды калган мүмкүнчүлүктөрдүн баары түгөнгөндө гана кароо керек.

К. Аннандын айтымында, Иракты куралсыздандыруу - бир эле өлкөнүн эмес, эл аралык коомчулуктун иши. Ирак куралсызданыш керек деген талапта эч кандай талаш жок. Ал эми АКШнын Чыгыштагы өнөктөшү – Жапония Иракка каршы согуштан качуу мүмкүн эмес деп эсептейт. Өлкөнүн тышкы иштер министри Йорико Кавагучи жапон телеканалдарынын бирине берген маегинде белгилегендей, мындай жагдайды Ирактын инспекторлор менен толук кызматташпаганы шарттодо. Й. Кавагучинин айтымында, кеңири кыргын салуучу куралдардын таралышына жол бербөө Жапониянын улуттук кызыкчылыктарына шайкеш келет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG