Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

ИРАК: ФРАНЦИЯ–ГЕРМАНИЯ СУНУШУ СУУ КЕЧЕБИ?


Бириккен Улуттар Уюмунун инспекторлорунун башчылары Мохамед эл-Барадейи жана Ханс Бликс Ирактын бийликтери менен өткөргөн эки күнкү сүйлөшүүлөр учурунда айрым бир оң жылыштарга жетишкенин билдиришти. Бирок, ошол эле учурда Ирактын куралсыздануусу боюнча чечилбеген маселелер да бар. Ал эми мунун аралыгында Германия жана Франция жума күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешине Ирак боюнча өз планын берген жатат. Франция менен Германиянын сунушун АКШ кескин сынга алды, Орусия оң баалады.

Жума күнү Коопсуздук Кеңешинде отчет берээр алдында БУУнун курал- жарак инспекторлорунун башчысы Ханс Бликс жана МАГАТЭ уюмунун жетекчиси Мохамед эл- Барадейи Багдаддан оптимисттик маанайда, Ирак инспекторлор менен кызматташуусун күчөтөт деген ишенимде кайтышты. Эки күнкү сүйлөшүүлөр учурунда Ирак бийликтери аларга химиялык , биологиялык куралдарына , ракеталык программасына байланыштуу мурда суралган документтерди берген. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда МАГАТЭ уюмунун жетекчиси Мохамед эл – Барадейи Ирак бийликтерининин турумунда өзгөрүүлөрдү байкаганын белгиледи:

- Биз бул жерге үч максат менен келгенбиз. Толук инспекция, Ирактын толук кызматташтыгы жана куралсызданууга байланыштуу калган чечилбеген маселелерди жылдыруу үчүн. Менимче биз жогорудагы маселердин баардыгы боюнча оң жылыштарга жетиштик. Биз Ирактын көз карашындагы өзгөрүүлөрдү көрүшүбүз керек эле. Мен Ирактын көз карашы өзгөрө баштаганын байкадым деп айта алам.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын БУУнун курал-жарак инспекторлорунун башчысы Ханс Бликс да оң баалады. Анткен менен Бликстин айтымында, айрым чечиле элек маселелер да калды. Кабарчылар ошол чечиле элек маселелердин башкысы катары Ирак өзүнүн аймагы аркылуу У-2 үлгүсүндөгү чалгынчы учактардын учушуна биротоло макулдук бере электигин аташты. Ирак президенти Саддам Хусейндин кеңешиси Амир ал-Саадинин айтымында, алар бул маселеге карата өз жообун жакынкы күндөрү билдирет:

- Биз бул маселе доктор Ханс Бликс жана Мохамед эл – Барадейи БУУнун Коопсуздук Кеңешине ушул айдын он төртүндө отчет бергенге чейинки аралыкта чечилет деген ишенимдебиз.

Ханс Бликс менен Мохамед эл- Барадейинин БУУнун Коопсуздук кеңешинде жума күнү бере турган отчету чечүүчү окуя катары күтүлүүдө. Кошмо Штаттары Коопсуздук Кеңеши ал жыйынында Иракка каршы күч колдонууга мүмкүндүк берген резолюция кабыл алышы керек деп эсептейт. АКШ менен Британиянын Иракты күч менен куралсыздандыруу демилгесине каршы болуп жүргөн Германия жана Франция ошол эле жума күнү кризисти чечүү боюнча өз планын сунуш кылган жатат. Француз- немец планында Иракта иштеп жаткан инспекторлордун саны көбөйтүү каралган. Дүйшөмбү күнү Германия менен Франциянын расмий өкүлдөрү мурда маалымдалгандай планда инспекторлор менен бирге Ирактын аймагына БУУнун аскерлерин киргизүү сунушу камтылбаганын билдирди. Орусия француз-немец планына колдоо көргөзөөрүн алгач өлкөнүн коргоо министри Сергей Иванов билдирген эле. Ал эми орус президенти Владимир Путин жекшемби күнү иш сапары менен Берлинде болгон учурунда буларды айтты:

- Биз инспекторлор АКШдан алган маалыматтарды кылдат текшериши керек деген ишенимдебиз . Азыр Иракка каршы күч колдонуунун эч бир жүйөөсүн көргөн жокпуз . Биз Иракка кысым көргөзүлүшүнө макулбуз.

Ал эми немец канцлери Герхард Шрөдөр орус президенти менен биргелешип өткөргөн басма сөз жыйынында төмөнкүлөргө токтолду:

- Мени жана Орусиянын президентин тынчызданткан нерсе - чатакты тынчтык жол менен чечүү зарылдыгы. Биз Ирак массалык кыргын салуучу куралдарга ээ же ээ эмес экенин билишибиз керек. Аларды табуунун туура жолу -курал –жарак инспекторлору. Биздин көз карашыбыз боюнча алар ишин улантышы абзел.

АКШ болсо Берлин менен Париждин сунуштарын кескин сынга алды. Мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин пикиринде, Иракта инспекторлордун санын көбөйтүү проблеманы чечпейт , кайра андан алагды кылат:

- Инспекторлордун көптүгү маселеге жооп бербейт. Менимче Германия да, Франция да , Коопсуздук Кеңешин калган баардык мүчөлөрү 1441 - резолюциячны кайрадан окуп көрүшү керек. Ирак тараптан кызматташтыктын жетишсиздиги, жалган декларациясы, резолюция кабыл алынгандан кийин алар жасаган да, жасабаган да иш чаралар Бириккен Улуттар Уюму үчүн жыйынга чогулуп, азыркы шарттарга ылайык олуттуу кесепеттер чын эле бар бекенин аныктоого пайдубал болот.

Француздар менен немецтердин планын ирак оппозициясынын өкүлдөрү да сынга алды. Ирактын Улуттук Конгресси деген уюмдун лидери Ахмед Чалабинин баамында, инспекторлордун санын көбөйтүү - ылайыксыз демилге.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG