Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

ИНСПЕКТОРЛОРДУН ОТЧЕТУНАН КИЙИН, ИРАК БОЮНЧА ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛЫНА ЭЛЕК


Нарын АЙЫП, Прага Эл аралык инспекторлордун жетекчилери 14-февралда Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши алдында Ирактагы абал боюнча экинчи отчет бергенден кийин дагы, Кеңеш мүчөлөрү Ирак боюнча бир пикирге келген жок. Текшерүүчүлөрдүн үчүнчү отчетту эми 1-мартка белгиленүүдө.

Иракты куралсыздандыруу маселеси боюнча дүйнө мамлекеттери эки тарапка бөлүнгөнү белгилүү. Америка Кошмо Штаттары менен Улуу Британиянын пикиринде, кеңири кыруучу куралга ээ Багдад өз ыктыяры менен куралсызданууну каалабагандыктан, ага каршы күч колдонуш керек. Алмания, Франция жана аларга кошулган Орусия менен Кытайдын айтымында, ырас, Ирак куралсызданууга тийиш, бирок эки жарым айдын ичинде текшерүүчүлөр өлкөдө андай куралдын изин таппагандыктан, Иракка каршы согуш баштаган болбойт жана инспекция уланууга тийиш.

Текшерүүчүлөрдүн башчысы Ханс Бликс 14-февралда Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине - эки тарапка тең жаккан отчет берди. Анын айтымында, кеңири кыргын салуучу куралдын издерин инспекторлор Иракта тапкан жок, бирок өлкө өкмөтү текшерүүчүлөр менен толук кандуу иштешпей жатат. Бликс менен кошо доклад жасаган Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Мохаммед Элбарадейдин айтымында болсо, өзөктүк куралдын изи да Иракта табылган жок жана инспекторлор өз ишин Ирак өкмөтүнүн колдоосу жок деле уланта алат. Жыйындан кийин "Си-Эн-Эн" сыналгысынын кабарчысы менен маектешкенде, Элбарадей - текшерүү иштерин аяктоо үчүн, дагы алты ай керек деп билдирди.

Отчет берип жатканда, Ханс Бликс күтүүсүздөн Америка Кошмо Штаттарын да сынга алып кетти. АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл 5-февралда Коопсуздук Кеңешинде чыгып сүйлөп, Ирак кеңири кыруучу куралга ээ экендиги жана инспекторлор менен иштешпей жаткандыгы тууралуу кошумча маалымат берген, бирок Бликстин айтымында, анын кээ бир маалыматтары эч нерсе далилдебейт.

Бликстен кийин чыгып сүйлөгөн Пауэлл - дагы кошумча маалымат берүүгө убада кылды жана дүйнөлүк коомчулукту көп жылдан бери алдап келаткан Иракка каршы катуу чара көрүлүш керек деп айтты. Отургандар анын сөзүн унчукпай укту, бирок Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпендин сөзүн кол чабуу менен тосуп алды. Де Вильпендин айтымында, Ирактагы аскерий инспекция дагы уланууга тийиш жана Ирак маселеси тынчтык ыкмалары менен чечилиш керек. Кеңештин беш туруктуу мүчөсүнүн дагы экөө - Кытай менен Орусия - Франциянын турумун колдоп чыкты.

Туруктуу эмес 10 мүчө-мамлекеттин пикири ар башка болууда, бирок алардын көпчүлүгү согуш баштоого каршы. Феврал айында Кеңеште төрагалык кылган Алмания менен Ангола, Камерун, Пакистан жана Чилинин пикиринде, эл аралык текшерүүчүлөр өз ишин улантууга тийиш. Сирия болсо толугу менен Иракты колдойт. Болгария, Испания жана Мексика АКШнын турумун колдоп чыкты, Гвинея болсо өз пикирин так айткан жок. Ошондуктан, эксперттердин айтымында, Иракка каршы күч коолдонууга уруксат берген резолюцияны Коопсуздук Кеңеши аркылуу өткөрүү АКШ үчүн өтө кыйын болот. Анткен менен, жыйындан кийин "Си-Эн-Эн" сыналгысы аркылуу чыгып сүйлөп, Пауэлл - маселе бир нече аптанын ичинде чечилет деп билдирди.

Вошингтон шаарында жайгашкан Като институтунун серепчиси Тед Карпентердин айтымында, бирок, АКШ жетекчилиги баары бир согуш баштоо аракеттерин улантат: "Бликс өз докладында чындыгында - инспекция уланууга тийиш деп айтты, анын пикиринде, текшерүү иштери жакшы эле өтүп жатат жана күч колдонуу үчүн өтө деле орчундуу себеп жок. Бирок отчетто - Ирак өкмөтү инспекторлор менен жетиштүү деңгээлде кызматташпай жатат деген сөздөр да болгондуктан, АКШ жетекчилиги докладдын ушул гана бөлүгүн алып, аскерий аракет керек деп айта берет".

14- жана 15-февралда дүйнөнүн бир топ мамлекетинде согушка каршы митинг-демонстрациялар болуп өттү. Австралиянын Мельбурн шаарындагы митингге 100 миңден ашык адам келди, Лондондо болсо, Виетнам согушуна каршы чогулган адамдардан кийинки эң ири демонстрация болду.

XS
SM
MD
LG