Президент Ким Чен Ирдин туулган күнү- Түндүк Кореянын эң ири улуттук майрамы. Буга байланыштуу баш калаа Пхеньяндын көчөлөрү жасалгаланып, майрамдык иш чаралар өткөрүлүүдө.Ким Чен Ирдин урматына өстүрүлгөн гүлдөрдүн көргөзмөсү да ачылды. Расмий маалыматтарга караганда , Ким Чен Ир мындан алтымыш бир жыл мурун Түндүк Кореянын ыйык тоолорунун биринде жарык дүйнөгө келген .Бирок , эксперттердин ырастоосунда ,Түндүк Корея лидеринин туулган жери – Орусиянын Владивосток шаары.