БИШКЕК. Бишкектеги «Медиа-Ордо» борбору «Кыргызстандын жаңы мууну – терроризмге каршы» аттуу долбоордун үстүндө иштей баштады. Аталган уюмдун башкы координатору Жеңишбек Эдигеевдин айтымында, бул долбоорду АКШ элчилигинин алдындагы Демократиялык комиссия каржылап жатат. «Учурда дүйнө жүзүндө болуп жаткан террордук актылар, ар кандай согуш кинолор жана компьютердик согуш оюндары жаш өспүрүмдөрдүн аң-сезимине терс таасирин тийгизип жатат. «Медиа-Ордо» борбору иштеп жаткан долбоор жаш муунга терроризмдин кесепеттерин түшүндүрүүгө багытталган»,-дейт Ж.Эдигеев. Жакында аталган долбоордун алкагында борбор шаардагы мектеп окуучуларынын катышуусу менен «Террордук актылар жана мектептердин коопсуздугу» аттуу семинар өткөрүлмөкчү. Акыркы мезгилде Бишкек шаарында күчөп кеткен, жалган жерден «бомба коюлду» деп телефон аркылуу коркутуу фактылары да ошол семинарда кеңири талкууланат.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Азиза Турдуева
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Азиза Турдуева
Редактор – Жыргалбек Касаболотов