Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

НАТО ТҮРКИЯНЫ КОРГООНУН ПЛАНЫН ФРАНЦИЯСЫЗ ЭЛЕ ИШТЕП ЧЫГАТ


НАТО бир ай бою созулган талаш-тартыштан кийин Иракка каршы мүмкүн болчу согушта Түркияны коргоонун планын иштеп чыгуу боюнча бир бүтүмгө келди. Белгилей кетчү жагдай, коргоо планын иштеп чыгуу жөнүндөгү чечим уюмдун Коргонууну пландоо комитети тарабынан кабыл алынды. Бул комитетке НАТОго мүчө 18 өлкө кирет. Франция комитеттин мүчөсү эмес.

Жекшемби күнү таң эртелеп бүткөн 13 сааттык сүйлөшүүнүн натыйжасында Түндүк Атлантика уюму - НАТОго мүчө 18 өлкө күтүлүп жаткан Иракка каршы согушта Түркияны коргоонун планын иштеп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алды. Уюмдун Генералдык секретары Жорж Робертсон “...соңку бир нече күндөн бери чыга албай жаткан туңгуюктан жол табылганына ыраазы экенин” айтып, мындай деп жарыялады:

- Бүгүн НАТО альянсынын биргелешкен аскерий структурасына мүчө 18 өлкө аскерий пландоочуларга тапшырма берүүгө макул болушту.

Ж. Роберстон айткан аскерий структурадан Франция 1966-жылы чыгып кеткен.

Бельгия, Франция жана Германия Улуттар уюмунун аскерий инпекциясы Ирактын жашыруун куралдарын издөөнү улантып жаткан шартта, Түркияны коргоо планын даярдай баштоо - Иракка каршы согуш сөзсүз болот дегенди түшүндүрөт жана кризисти дипломаттык жол менен жөндөө аракетине кедерги болот дешип, андай планга каршы чыгып жатышкан.

Франциянын коргоо планы боюнча чечимди кабыл алууга катышпоо себебин Ж.Робертсон мындайча түшүндүрдү:

- Биз Түндүк Атлантика Кеңешинин бардык 19 мүчөсү бир бүтүмгө келишин каалаганбыз. Франция өзү биргелешкен аскерий структурага - Коргонууну пландоо комитетине мүчө эмес. Биз бүгүн мунасага жетиштик... Франциянын өзүнүн позициясы бар жана ал өзү үчүн жооп бере алат.

НАТО, ошентип, Франция, Белгия жана Германиянын каршылыгын “амал таап” жеңди. Брюсселде жетишилген макулдашууга ылайык, альянс Түркияга AWACS чалгынчы самолеттору менен Patriot зениттик-ракеталык комплекстерин жана химиялык аскерий бөлүктөрдү жайгаштырууну пландаштыра баштайт. Түркияга аскерий-техникалык жактан жардам көрсөтүү сунушун өткөн айда АКШ жасаган.

Альянстын чечимин күткөндөй эле, Нидерландия Түркияга эки жактуу келишимге ылайык Patriot системасын жөнөткөнүн жекшемби күнү жарыя кылды.

АКШнын НАТОдогу элчиси Николас Бернс альянстын Коргонуу комитети кабыл алган чечимди “чоң ийгилик” деп атады. “Кошмо Штаттар альянстын негизги мүчөлөрү Түркияны аскерий жактан колдоону күчөтүүгө макулдук беришкенине ыраазы” деп Н. Бернс Брюсселде билдирди.

Ал эми Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпендин RTL радиосуна айтышынча, “Учурда Түркияга эч кандай коркунуч жок” жана “Түркия боюнча уюм мүчөлөрү арасында эч кандай келишпестик жок”. Анткен менен, президент Жак Ширак өткөн жумада президент Ахмед Неждет Сезерге телефон чалып, непада Түркияга коркунуч туулуп калса, Франция өз милдетин аткарып, Анкарага жардам көрсөтөрүн тастыктаган.

Жорж Робертсон уюмдун 18 мүчөсү бир пикирге келди дегендин артынан эле, Франция, Бельгия жана Германия биргелешкен билдирүү жасашты.
“...куралды колдонуу акыркы чара болушуна көңүл бурабыз жана (Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин) 1441-резолюциясында көрсөтүлгөн иш чаралардын бардыгы толук колдонула элек”, - деп айтылат үчилтиктин билдирүүсүндө.

Бир катар дипломаттар үчилтик мындай билдирүүнү Франция жалгыз калды деген пикирди жаратпоо максатында жасады деген жоромолду айтууда.

XS
SM
MD
LG