Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:22

РАСМИЙ БИЙЛИК ЕВРОПАРЛАМЕНТТИН СТРАСБУРГ ЖЫЙЫНЫ БОЮНЧА МААЛЫМАТ БЕРДИ


Европарламент Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кызматташтык жагдайына жана Кыргызстандын өзүндөгү саясий кырдаалга байланыштуу парламенттик угуу өткөрдү. 12-февралда Страсбург шаарында өткөн бул жыйында Кыргызстандан барган расмий бийликтин жана оппозициянын өкүлдөрү билдирүү жасашты. Расмий делегациянын курамында Страсбургга барып келген биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов 17-февралда Бишкекте журналисттерге иш-чара боюнча маалымат берди.

Европа парламентинин Страсбург жыйыны 1999-жылдын 1-июлунда күчүнө кирген «Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндөгү» макулдашуусунун алкагында болду. Ага Кыргызстандан мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, элчи Аликбек Жекшенкулов жана оппозициялык күчтөрдүн атынан Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров, «Республика» партиясынын лидери Гияз Токомбаев жана “Кыргызстанда адам укугун коргоо комитетинин” төрагасы Рамазан Дырылдаев катышып, билдирүү жасашты.

Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын жагдайы боюнча расмий бийликтин атынан мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, ал эми Кыргызстандагы саясий кырдаал боюнча биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов маалымат беришти. Парламенттик угуу боюнча дүйшөмбүдө пресс-конференция өткөргөн биринчи вице-премьердин пикири боюнча, Европарламент кыргыз бийлиги менен оппозиция өкүлдөрүнүн бардыгынын билдирүүлөрүн кунт коюп укту, бирок, жыйынтыгында кандайдыр-бир чечим кабыл алган жок.

- Бизге жазуу жүзүндө сунуштарды беришкен жок. Бирок, отурумдун акырында анын башкаруучусу, италиялык депутат Антонио Мусса баш болгон бир катар депутаттар өнүгүүнүн демократиялык жолунан тайыбашыбызга тилектештигин билдиришип, өнүгүүгө ийгилик каалашты. Кыргызстанда адам укуктарын жана эркиндиктерин коргогон демократиялык институттардын өнүгүшүн жактай тургандыктарын билдиришти. Омбудсман институтунун жаңы Конституцияда колдоо тапканын жактырышты, - деди биринчи вице-премьер-министр.

К. Осмоновдун билдиришинче, Европарламент мүчөлөрүнүн арасында Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясындагы жаңылыктар, референдумдун өтүш жараяны өзгөчө кызыгуу жаратты:

- Оппозициянын референдумга байланыштуу дооматтарынын негизсиздигин далилдөөгө аракет кылдык. Талкуу учурунда Кыргызстандын расмий өкүлдөрү оппозиция өкүлдөрүнөн айырмаланып, сыпайгерчиликти сактоого аракет кылышты. Албетте, бул жөнүндө айтыш оңой эмес чыгаар, бирок, оппозициянын өкүлдөрү өздөрүн бир аз башкачараак алып жүрүштү. Адаттагыдай эле бийликти далилсиз күнөөлөп, өздөрүн Кыргызстандагы Акаевдин режиминин курмандыктары катары көрсөтүштү.

Маалымат жыйынында Курманбек Осмонов оппозициянын өкүлдөрү Рамазан Дырылдаев менен Азимбек Бекназаровдун Европарламенттеги билдирүүлөрүн эскере кетти. Ал ошондой эле өлкөдөгү жагдай менен таанышып кетиш үчүн Европарламент мүчөлөрүн Кыргызстанга чакырганында билдирди:

- Биз жана оппозиция өкүлдөрү айткан жагдайлар боюнча келип көрүп, өздөрү да ынанып кетүүгө алардын мүмкүнчүлүгү бар. Биз аларды чакырдык… Конституция иштеп, өз күчүнө киргенден кийин да ага укуктук жактан анализ жасап, баа беришке мүмкүнчүлүк бар. Парламент мүчөлөрү Конституциянын жаңы редакциясы менен жакшылап таанышкандан кийин жыйынтык, бүтүм чыгарып же резолюция кабыл алып, же сунуштарды бериши мүмкүн.

Европарламент менен Кыргызстан ортосундагы өз ара кызматташтык боюнча макулдашуунун алкагында өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча өз ара пикир алышуу маанайындагы мындай жолугушуу биринчи жолу болду. Буга чейин Страсбургда Кыргызстандын экономикалык жагдайын талкуулаган отурумдар болгон.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG