Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:17

РОБЕРТ КОЧАРЯН КАЙРАДАН АРМЕНИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БОЛУП ШАЙЛАНАБЫ?


Арменияда 19-февраль күнү жалпы элдик шайлоо өтүп, тогуз талапкердин ичинен өлкөнүн жаңы президенти шайланат. Көпчүлүк байкоочулардын айтымында, армян оппозициясы алга түрткөн талапкерлердин арасында аракеттеги президент Роберт Кочерянга татыктуу атаандаш жок.

Өз ара атаандашкан армян оппозициясы 19-февралда болчу президенттик шайлоодо сегиз жаатка бөлүнүп, сегиз талапкердин айланасында топтошкон. Бирок, талдоочулардын айтышынча, экинчи мөөнөткө президенттикке шайланууну көздөгөн Роберт Кочарян менен теңтайлаша алчу талапкерлер үчөө. Алар “Улуттук биримдик” партиясынын төрагасы Арташес Гегамян, Элдик партиянын башчысы Степан Демирчян жана Улуттук-демократтык союздун лидери, мурдакы премьер-министр Вазген Манукян.
Шайлоонун биринчи айлампасында президент шайланбаса, экинчи айлампада оппозиция Арташес Гегамяндын айланасына топтолушу мүмкүн дешет жергиликтүү байкоочулар.
“Азаттык” радиосунун армян бөлүмүнүн кызматкери Армен Дилаяндын айтымында, шайлоодо талапкерлердин мүмкүнчүлүгү бирдей эмес:

- Президент Роберт Кочаряндын кайрадан президенттике шайлануу мүмкүндүгү чоң. Көз карандысыз уюмдар өткөргөн сурамжылоо элдин көбү Кочарянды колдорун көрсөткөн. Анткени, ал мына бул иштерди мен аткардым деп айта алат. Башка талапкерлерде андай мүмкүнчүлүгү жок. Себеби, Арменияда башка мурдакы советтик өлкөлөрдөгүдөй эле, оппозицияда эч кандай бийлик жок болгондуктан, алар эч нерсе жасай алышпайт. Президент айткан сөздөрүн далилдей алат. Оппозициянын сөзүн тастыктап да, четке кагып да болбойт.

Президент Кочарян жана анын тарапкерлери маалымат каражаттарындагы үстөмдүгүн пайдаланышып, акыркы жылдары республиканын экономикасында болгон оң жылыштар жөнүндө кеңири ташбыйкаттоодо.

Ырасмий маалыматтар боюнча, Түркия менен Азербайжандын экономикалык камалоосуна карабастан, Армениянын экономикасы өткөн жылы 13 процентке, 2001-жылы 9,6 процентке өскөн. 2002-жылы тышкы соода 48 процентке жогорулап, биринчи жолу өлкө тарыхында 507 миллион долларга жетти. Натыйжада, соодадагы тартыштык төмөндөп, азыр 484 миллион долларга барабар. Эл аралык валюта кору да Армениянын экономикалык өсүүсүн жогору баалап, жакында ага жардылыкты кыскартуу программасынын алкагында 13 миллион доллар бермекчи.

Бирок, Европанын реконструкциялоо жана өнүгүү банкы Арменияда өндүрүш негизинен чакан ишканалардын эсебинен өсүп, чоң ишканалардын салымы маанисиз калууда деген баасын былтыр ноябрда берген. Банктын бүтүмүнө караганда, ички базардын чакандыгы жана ыңгайсыз инвестициялык жагдай экономикалык өсүүгө бөгөт болууда.

Талапкерлердин социалдык-экономикалык программасы тууралуу Армен Дилаян мындай дейт:

- Оппозиция президент Кочарянды жана анын командасын бүтүндөй республиканы талап-тоноду, менчиктештирип алды, экономиканы президент жана анын командасы менен байланыштагы ишкерлер гана башкарууда деп күнөлөөдө. Президент болсо, келерки беш жылда 8-12 проценттик экономикалык өсүүнү камсыздайм жана жылына 40 миң жумуш ордун ачам деп убада кылууда. Кочаряндын өкмөтү мурда чындап эле 40 миң жумуш ордун түзгөн. Бирок, канча ишкана жабылганы белгисиз.

Оппозиция Кочаряндын өкмөтүн өлкөдө балдардын төрөлүүсүнүн азайганын, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарындагы жагдайдын начарлап кеткенин жаап-жашырууда деп да күнөөлөгөн.
Армениядагы президенттик шайлоо - өлкө Европа кеңешине мүчө болуп өткөндөн берки биринчи жалпы элдик шайлоо. Ошондуктан, саясий өнөктүккө көз салуу үчүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунан, Европа кеңешинен жана КМШ өлкөлөрүнүн парламенттик ассамблеясынан бардыгы болуп 250 байкоочу келген. Бул - өткөн шайлоого караганда эки эсеге көп.

XS
SM
MD
LG