Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

КЫРГЫЗСТАНДА КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫ РЕДАКЦИЯСЫ КҮЧҮНӨ КИРДИ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 18-февралда Аскар Акаев референдум аркылуу кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясына кол койду. Ага оппозиция өкүлдөрү катышуудан баш тартышты.

Конституциянын жаңы редакциясына кол коюу салтанаты адегенде Бишкек шаарынын борборундагы Алатоо аянтында өттү. Ал жерде мамлекет башчысынын катышуусунда салтанаттуу түрдө республиканын желеги көтөрүлдү. Кол коюу аземинин экинчи бөлүгү Өкмөт Үйүндө улантылды. Бул иш-чарага өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин кош палатасынын айрым депутаттары, Конституциялык Кеңешменин жана Эксперттик топтун айрым мүчөлөрү катышты. Салтанаттуу кечеге оппозиция өкүлдөрү, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы, АКШ баш болгон өлкөлөрдүн элчилери катышкан жок. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кол коюу аземине республикадагы чет өлкөлүк элчиликтер чакырылган жок. Салтанаттуу кеңешмеде сүйлөгөн сөзүндө Аскар Акаев Конституциянын жаңы редакциясынын кабыл алынышына жогору баа берди.

- Референдумда кабыл алынган Конституция - биздин өлкөнүн мамлекеттүүлүгүнүн чыңдалышындагы жаңы, сапаттуу баскыч. Бул Кыргызстандын тарыхый өнүгүүдөгү жаңы тепкичке көтөрүлүшүнүн белгиси, - деди мамлекет башчысы.

Ошондой эле президент Башмыйзамдын жаңы редакциясы мамлекеттик түзүлүш боюнча дүйнөдөгү эң жакшы тажрыйбаны жана республиканын буга чейинки өнүгүшүндөгү кетирген кемчиликтерди, ийгиликтерди эске алуу менен түзүлгөнүнө көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Андан аркы сөзүндө Аскар Акаев «жаңы редакцияда адам укугунун ар тараптуу корголушун камсыз кылган жоболор киргизилди» деген оюн ортого салды.

- Урматтуу достор! Конституциянын жаңы редакциясынын эң жогорку баалуулугу - анын адам укугунун сакталышын жана корголушун камсыз кылгандыгында. Бул - чыныгы адам укугунун Конституциясы. Конституциянын жаңы редакциясы «Кыргызстан - адам укугун урматтаган өлкө» деген улуттук идеяны ишке ашыруудагы башкы документ болот, - деди Аскар Акаев.

Кол коюу аземине катышуудан республикадагы оппозициялык маанайдагы саясатчылар баш тартышты. Анын себептери тууралуу Референдумга көзөмөл кылуучу коомдук штабдын башчысы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев өз оюн айтты:

- Бийлик менен оппозициянын ортосундагы келишим менен Конституциялык Кеңешме түзүлгөн. Алар бир пикирге келишип баары жактырган Конституциянын долбоорун иштеп чыгышкан. Тилекке каршы, бул Конституциянын долбоору президенттин жардыгы менен түзүлгөн Эксперттик топ тарабынан өзгөртүлдү. Натыйжада, президенттин бийлиги чыңдалып, парламенттин ыйгарым укуктары алсырады. Мындан сырткары, Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу үчүн өткөрүлгөн референдум да көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолду. Ошондуктан биз кол коюу аземине барган жокпуз, - деди ал.

Ө. Текебаевдин жогорудагыдай пикирине Бишкектеги Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы Токон Шайлиева макул эмес. Анын пикиринде, Башмыйзамдын жаңы редакциясы өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Андыктан жаңы кабыл алынган мыйзамдын тегерегинде талаш-тартышты улантуунун ордуна аны турмушка ашырыш керек.

- Конституциянын жаңы редакциясы күчүнө кирди. Андыктан биз аны тез аранын ичинде ишке ашыра башташыбыз керек. Маселен, жаңы редакцияда республикада бир палаталуу парламент түзүү тууралуу жазылган. Ошондуктан, азыркы кош палатаны таркатуу керек. Жогорку Кеңешти таркатуу депутаттардын өздөрүнүн демилгеси менен ишке ашырылышы керек, -дейт Токон Шайлиева.

XS
SM
MD
LG