Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

«АСКАР АКАЕВДИ КЫЗМАТТАН КЕТИРҮҮ, ЭЛ ҮЧҮН РЕФОРМА ЖАСОО» КЫЙМЫЛЫ ӨЗ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН УЛАНТАТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Референдумдан соң «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо” кыймылынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу карама-каршы пикирлер кайрадан жанданды. Бийлик өкүлдөрү «кыймылдын мындан кийинки ишмердүүлүгү мыйзамсыз» дешсе, оппозиция өкүлдөрү ага макул эмес.

«Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо” кыймылы 2002-жылдын 14-августунда оппозиция өкүлдөрү тарабынан Бишкекте уюштурулган. Ошол күндөн бери кыймылдын түзүлүшү тууралуу маалымат эл арасына тез тарап, коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратып келет. Аткаруу бийлиги мындай кыймылдын түзүлүшүн чочулоо менен кабыл алды. Аны жогорку бийлик өкүлдөрүнүн кыймылдын мыйзамсыздыгы тууралуу бир нече жолу өткөргөн маалымат жыйындары жана бийликти колдогон митингдерде кыймылдын уюштуруучуларын бир жактуу сынга алгандыгы айгинелейт. Айрым байкоочулардын пикиринде, референдумга Аскар Акаевдин 2005-жылга чейин бийликте калуусу тууралуу суроонун киргизилишине оппозиция өкүлдөрүнүн жогорудагыдай аракеттери түрткү болду. Мындай пикирди мамлекет башчысы референдумга чейин республиканын жер-жерлерине болгон иш сапары учурунда мойнуна алган.

- Биз оппозициянын пикирин эске алышыбыз керек. Учурда оппозиция өкүлдөрү «Акаевди кызматтан кетирүү» штабын түздү. Алар менен эсептешпей коюуга болбойт. Ошондуктан мен оппозицияга кыргыз эли мурдагыдай эле мага ишенээрин далилдешим керек, - деген эле Аскар Акаев.

Көп өтпөй мамлекет башчысынын мындай мүдөөсү толук канааттандырылды. Бийлик өкүлдөрү референдумда Аскар Акаевди жалпы шайлоочулардын 78, 8% колдогондугун жарыя кылышты.

Ошентип, бийлик өкүлдөрүнүн пикиринде, референдумдан соң оппозиция өкүлдөрүнүн «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылы өз ишмердүүлүгүн улантышы мыйзамга жатпайт. Бул тууралуу президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаковдун пикири ушундай.

- Бул мыйзамсыз кыймыл. Эл муну жактабайт да, жактырбайт. Аны референдум ачык-айкын көрсөттү. Эл таразалап туруп, Аскар Акаевичтин 2005-жылдын декабрь айына чейин бийликте турушуна макулдугун берди. Ошондуктан, мындай аталыштагы кыймылдын аракети мыйзамсыз, - дейт Болот Жанузаков.

Бийликтин расмий өкүлдөрүнүн мындай көз карашы «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү» кыймылынын өкүлдөрүн ынандырбайт. Алардын пикиринде, элдик референдумдун жыйынтыгы, тескерисинче, аталган кыймылдын аракетинин жанданышына өбөлгө түздү. Кыймылдын активдүү мүчөсү Турсунбек Акун бул туурасында мындай дейт:

- Референдумга чейин кыймылды мыйзамсыз деп айткандарга кандайдыр-бир деңгээлде кошулат элем. Анткени биз мыйзамдуу шайланган президентти бийликтен кетирүүгө аракет жасаганбыз. Азыр бул кыймыл мыйзамдуу болуп калды. Анткени референдумга шайлоочулардын 40% гана келгендиктен, президенттин талапкердиги шайлоодо өтпөй калды. Ошондуктан биз президентти бийликтен кетирүү боюнча күчтүү аракеттерди көрөбүз, - дейт Турсунбек Акун.

Ал эми аталган кыймылдын айрым мүчөлөрүнүн пикиринде, чындыгында эле кыймылдын аталышын өзгөртүү керек. Анткени мындай аталыш оппозиция өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнө тоскоол болууда. Бул тууралуу саясатчы Жыпар Жекшеев мындайча оюн ортого салды:

- Кыймылдын аталышына мен каршымын. Анткени мындай аталыштагы кыймылга аткаруу бийлиги ар түрдүү тоскоолдуктарды жасоодо.

Жыпар Жекшеевдин мындай пикирине кыймылдын дагы бир мүчөсү Топчубек Тургуналиев макул эмес.

- Менин жеке пикиримде бул кыймылдын аты өзгөрбөшү керек. Себеби бул олуттуу көз караштан, элдин мүдөөсүнөн улам келип чыккан аталыш, - дейт ал.

XS
SM
MD
LG