Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

ХАНЗУ КОСМОНАВТТАРЫ КОСМОСКО УЧУУГА ДАЯРДАНУУДА


Кытай быйыл күзүндө үч космонавтты космос мейкиндигине аттандырмакчы. Мурдагы Советтер Бирдиги менен Кошмо Штаттардан кийин Кытай космонавттарын өз алдынча учурууга жетишкен үчүнчү өлкө болуп калмакчы.

“Beijing Youth Daily” басылмасынын маалымдашынча, быйыл ноябрь айында Кытай өзүнүн алгачкы космонавттарын космос мейкиндигине аттандырат. Бирок ханзулардын алгачкы космостук одиссеясынын так датасы азырынча белгилене элек.

Ушул тапта он эки ханзу учкучу атайын машыгуудан өтүүдө. Тандалма учкуч аскерлерден болгон бул жигиттердин орточо жашы – 30, бойлорунун орточо көрсөткүчү – 1 метр 70 сантиметр, ал эми орточо салмагы – 64 кило, - деп саймедирлеп жазат алиги гезит.

Бул он эки жигиттин үчөө - ханзулардын туңгуч космонавты катары тандалууга тийиш.
Кытай орбитага чыгарган “Шенчжоу-4” кемеси 162 сааттык саякатын үзүрдүү аяктап, 5-январда Жерге кайтып келген. Эми “Шенчжоу-5” кемеси күзүндө Кытайды космонавттарын өз алдынча учурууга жетишкен мурдагы Советтер Бирдиги менен АКШдан кийинки үчүнчү өлкөгө айландырмакчы.

Ушул тапта космосту иликтөө - эл аралык кызматташтыктын башкы багыттарынын бирине айланган. Советтер Бирдиги дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнүн туңгуч космонавттарынын тушоосун кескени эсте. Алардын арасында – чех, поляк, монгол, вьетнамдык жана башка улуттагы учкучтар бар. Кошмо Штаттар да ушундай кызматташтыкты өөрчүтүп келет. Кыргызстандык космонавт Салижан Шарипов – ошондой жаңы кызматташтык муунунун өкүлү.

Февраль айынын 1инде кыйроого учураган “Колумбия” космос чөлмөгүнүн экипажы да ар кыл улуттан куралган болчу.

Бүгүнкү Орусия менен АКШнын космосту иликтөөдөгү атаандаштыгы коммунисттик жана анти-коммунисттик идеологиялык тирешүүгө эч катышы жок улантылууда. Ал эми Кытай өзүнүн жакынкы болочоктогу космостук иликтөөдөгү ийгиликтерин коммунисттик идеологиялык каражат жана мамлекеттин жогорку технологиялык беделин тастыктоочу далил катары пайдаланаары күтүлөт. Дүйнө коомчулугу болсо мышыктын кара же сары экенине эмес, чычкан алганына сүйүнөөрү шексиз.
XS
SM
MD
LG