БИШКЕК. 21-февралда Бишкекте Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин реформалоого байланышкан тегерек стол жыйыны өткөрүлөт. Ага мамлекет башчысы Аскар Акаев, өкмөт башчысы Николай Танаев, Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагалары, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ежи Скуратович, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун регионалдык өкүлү Марк Данзон, Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Крис Лавлэйс катышат.