Дели шаарында жайгашкан "Тынчтык жана конфликттерди изилдөө институтунун" деректири Чари мырзанын айтымында, Борбор Азия азыр эл аралык сахнага чыгууда, ошондуктан, башка өлкөлөрдөн калышпай, Индия дагы бул жумурияттар менен болгон байланыштарын күчөтүүгө кызыкдар. "Менин түшүнүгүмдө, азыр Борбор Азияда жаңы геосаясий оюн башталууда. Ага катышкан Америка Кошмо Штаттары, Кытай жана Орусия ортосунда атаандаштык бар. Албетте, Индия бул үч мамлекет менен күч сынашпайт, бирок Борбор Азия окуяларына катышууну каалайт. Мен дагы кошумчалайт элем, биз ал окуяларга аскерий түрдө катышкыбыз келет", - дейт Шари.
Бирок Маскөөдөгү Эл аралык байланыштар институтунун эксперти Артем Мальгиндин пикиринде, Индиянын андай аракеттерине азыр Борбор Азияда орун жок: "Менин оюмча, бул региондо - андан алыс жайгашкан эки оюнчунун болгону эле жетиштүү. Азыр Тажикстанда Орусиянын чек арачылары менен анын 201-дивизиясы жана америкалык аскерлер бар. Эгер алар күчүн көрсөтөбүз десе, өлкөнүн ички иштерине да кийлигише алат. Индиянын бул аймакка келишине эч негиз жок. Тажикстан Индиядан алыс".
АКШ армиясынын аскерий институтунун профессору Стивен Бланктын пикиринде болсо, Индиянын борбор азиялык саясаты анын кошуна Пакистан менен болгон мамилесине көз каранды: "Индия жетекчилиги акыркы мезгилде Пакистанга катуу басым жасай баштады. Кашмирдеги улутчулдарды ооздуктай албаганы үчүн, индиялыктар президент Мушаррафты жек көрөт. Бирок бул маселедеги эң негизги нерсе - жакында Индия менен Иран ортосунда түзүлгөн альянс".
Үстүбүздөгү жылдын январ айында Тегеранда - Индия менен Иран ортосундагы аскерий кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган. Ал келишим эгер Индия менен Пакистан ортосунда согуш башталса, Ирандын аймагындагы аскерий базаларды индиялык аскерлердин пайдалануусуна берүүгө жол ачат. Тажикстанда өткөрүлүүгө пландалып жаткан индия-тажик аскерий машыгуусу дагы, Бланктын айтымында, Индиянын Пакистанга басым жасоо планынын бир бөлүгү.
Индиянын чалгындоо кызматтары жакында тараткан маалыматка караганда, кошуна Пакистандын аскерий чөйрөсү жана диний жетекчилери президент Первез Мушаррафка каршы төңкөрүш даярдап жатат жана анын натыйжасында бийликке андан да ашкан улутчулдар келиши мүмкүн. Ошондуктан, Пакистан менен акыркы мезгилде тыгыз кызматташкан Америка Кошмо Штаттары Мушаррафты алмаштырып, анын ордуна башка ылайыктуу адамды койгону жакшы.
Бирок америкалык Стратфор изилдөө борборунун айтымында, Индиядан чыккан мындай маалыматтар жөн гана опуза жана андан Делиге эч зыян тийбейт. Ага эч ким көңүл бурбаса, Индия да эч нерсе жоготпойт.