Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

АРМЕНИЯ: ШАЙЛООДО КӨБҮ ЖЫДЫДЫ, БИРОК ЭЧ КИМ ЖЕҢБЕДИ


Арменияда эки аптадан соң президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт. Эмдиги турда бийликтеги мамлекет башчысы Кочарянга оппозициядагы элдик партиянын лидери Демирчян атаандаш болот. Эл аралык байкоочулар шайлоо бир катар мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгилешсе, ал эми КМШ өлкөлөрүнөн келген өкүлдөр добуш берүүнүн жүрүшүнөн олуттуу кынтык табышкан жок.

Шайлоонун биринчи турунда эле мамлекет башчысынын мандатын утуп алганга бийликтеги президент Роберт Кочарянга жарым проценттей гана добуш жетпей калды. Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган эң соңку маалыматтарда Кочарянды шайлоого катышкандардын 49,8 проценти колдогону айтылат. Бирок андан саал мурдараак ошол эле шайлооком көпчүлүк округдардан алынган болжолдуу цифраларга таянып, Кочарянды жеңүүчү кылып жарыялап ийген эле. Буга удаалаш оппозициялык талапкерлерди колдогон он миңдей киши Еревандын борбордук аянтына чогулуп, добуштардын санагын одоно бурмалаганы үчүн бийликтерди айыптады. Митингге чыккандардын бүтүмү бир болду: шайлоодо азыркы президент Кочарян эмес, элдик партиянын лидери Степан Демирчян жеңди. Оппонеттердин жалпы лагери эми Демирчянды колдоого өткөнүн жарыялап,алар акыйкатка жетүү үчүн оппозиция акыркы чараларга чейин бара тургандыгын эскертишти. Лидерлердин сөздөрүнө демденген аламан топ борбордук шайлоо комиссиясы жайгашкан имаратты көздөй сүрдүгүп-сүрүлүп жөнөп берди. Алардын жолун милиция тороп, эки тарап жөөлөшө, атүгүл айрым кабарларга караганда, төбөлөшө да кетишти.
Демирчян шайлоо кампаниясында азыркы президент Кочаряндын негизги атаандашы эсептелинген. Бирок ал, шайлооком чыгарган соңку жыйынтыктарга ылайык, болгону 29 процентке жетпеген добуш топтоду. Иштин ушундай натыйжа менен аяктарын билгенби, айтор, шаршемби күнү шайлоо округдарында добуш берүү аяктар замат эле оппозициялык төрт талапкер пресс-конференция чакырып, бийликтерди айыптап чыгышкан болчу. Демирчяндын шайлоо штабынын жетекчиси, атап айтканда, бийликтер бир катар округдарда кырдаалды атайылап курчутушту,оппозициялык кандидаттардын ишенимдүү кишилерине кысым жасаганга аракеттеништи деп билдирди. Оппозициялык экинчи бир кандидат Арташес Гегамян болсо аскер бөлүктөрүндө жоокерлер негизинен күн мурунтан толтурулган бюллетендер менен добуш беришкендигин айтып, айрым мисалдарды келтирди. Борбордук шайлоо комиссиясы, арийне, коюлган айыптарды четке кагып,добуш берүү учурунда олуттуу эч кандай эреже бузуулар болбогондугун билдирди.

Еревандык бейтарап саясий эксперт Марк Григорян шайлоо алдындагы өнөктүктө массалык маалымат каражаттарында бир жактуу үгүт-үйүттөр көп болгонун бышыктады. Ошентсе да добуш берүү учурунда байкалган каталыктар шайлоонун жалпы жыйынтыктарына олуттуу таасир тийгизгендигине Григорян бир топ эле күмөнсүнөт. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун эл аралык байкоочулар тобунун жетекчиси Питер Айкер болсо Армениядагы президенттик шайлоо жөнүндө башкача ойдо калды. Бу саясий кампания, Айкердин баамында, баарыдан мурда көп жагынан эл аралык стандарттарга ылайык өткөн жок. Өнөктүктүн жүрүшүндө бир катар эрежелер бузулду, оппоненттерди омуроолоп-опузалоо ыкмасы кеңири жайылтылды, добуштардын санагы бир катар округдарда бурмаланды.Мунун баары бизди өкүттө калтырды, деп айтты Айкер.

Еврокеңештин парламенттик ассамблеясынын делегация башчысы лорд Рассел-Жонстон президенттик шайлоо кампаниясын бир караганда жандуу жана активдүү өткөндөй көрүндү деп баалады. Ошол эле учурда бир катар одоно каталыктар ПАСЕнин өкүлдөрүн да капытка салгандыгын моюнга алды. Булардан айрымаланып, КМШ өлкөлөрүнөн келишкен байкоочулар адаттагыдай эле Армениядагы президенттик шайлоонун жүрүшүнөн эч кандай деле кынтык көрүшкөн жок.

XS
SM
MD
LG