Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРАСЫ БОЮНЧА ИШТИ КАРООНУ ДҮЙШӨМБҮ КҮНГӨ КОТОРДУ


20-февралдан 21-февралга караган түнү Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Исмаил Исаковдун Бишкек шаарынын Воронеж көчөсүндө жайгашкан үйүнө белгисиз адамдар карамай төгүп, короосунун сыртына аны мазактаган уят сөздөрдү жазып кеткен. Ушуга байланыштуу Исмаил Исаков Конституциялык Соттон кыргыз-кытай чек арасы боюнча маселени кароону дүйшөмбү күнгө которууну өтүндү. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды.

Кыргыз-кытай чек арасы боюнча Мыйзам чыгаруу жыйынынын 11 депутатынын доо арызын Конституциялык Сот 20-февралда карай баштаган жана ишти кароону 21-февралда улантаарын билдирген. Бирок доо арыз берген депутаттардын атынан сотко катышып жаткан Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, «Президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын лидери Исмаил Исаковдун үйүнө жана ага каршы 20-февралдан 21-февралга караган түнү жасалган ээнбаштыкка байланыштуу, Исаков ишти кароону 24-февралга которууну соттон өтүндү. Конституциялык Сот көпчүлүк добуш менен ал өтүнүчтү канааттандырды. 21-февралда сотко доогерлердин дагы бирөөсү - Ишенбай Кадырбеков да келе албады. Азимбек Бекназаровдун айтымында, И. Кадырбеков жума күнү 2 соттук ишке, андан тышкары анын карындашын 2 күн мурун белгисиз бирөөлөр зордуктап, сабап кеткендигинен улам жүргүзүлүп жаткан тергөө ишине чыкырылганына байланыштуу Конституциялык Сотко келе албай, ишти ансыз эле карай берүүнү өтүнгөн.

«Сиздин үйүңүзгө, сизге каршы жасалган ээнбаштыктын 20-февралда Конституциялык Сотто кыргыз-кытай чек ара маселесинин карала башташы менен байланышы барбы?» - деген суроого Исмаил Исаков мындай жооп берди:

- Чындыгында кечээ күнү Конституциялык Сотто мен өзүмдүн оюмду, пикиримди айтып сүйлөдүм. Менин оюмча булардын түз байланышы бар. Себеби жерди талашып, алып калалы деген биз болуп калдык. Ошон үчүн «силер экинчи сүйлөбөгүлө, сотко барбагыла» деген ой менен, бүгүн түндө саат 2ден 5ке чейинки убакыттын ичинде кимдер экенин билбейбиз, бирөөлөр биздин үйдүн короосуна карамай куйулган пакеттерди ыргытып, дарбазаларга, тосмолорго адамды маскаралаган сөздөрдү жазып кетишкен. Эми бардык фактыларды алып караганда, менин оюмча бул биздин бийликтин жасаган иши. Ошондуктан мен бардык жоопкерчиликти Конституциянын кепили президенке жүктөймүн.

«Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутатынын үйүнө жана ага каршы жасалган иштер Конституциялык Соттун кыргыз-кытай макулдашуусун карай башташы менен байланышы барбы?» - деген суроого Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин жообу мындай болду:

- Конституциялык Сот бул ишти кароону кечээ эле баштаган жок да. Ал буга чейин эле башталган. Мен укукту, мыйзамды сыйлаган кишимин, окуянын аныгына жетмейинче кандайдыр-бир коментарий бериш эрте.

Биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов: «Бул эки окуянын байланышы барбы?» - деген суроого мындай жооп берди:

- Эми азыр бирдеме деп айтыш кыйын чынында. Логикалык жактан алып караганда да эки иштин эч кандай байланышы жок деп ойлоймун. Албетте, өкүнүчтүү иш, биздин цивилизациялуу коомго коошпогон иш. Эми бул кыргызча айтканда адамгерчиликке да жатпайт.

Президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков болсо Исмаил Исаковдун бийликти айыптоосун четке кагып, тартип коргоо органдары окуяны иликтеп чыгаарын белгиледи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG