Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

ХАНС БЛИКС ИРАККА УЛЬТИМАТУМ КОЙДУ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 21-февралда Бириккен Улуттар Уюмунун курал-жарак инспекторлорунун башчысы Ханс Бликс Ирак жетекчилигине "ас-Самуд-2" үлгүсүндөгү ракеталарды жок кылууга буйрук берди. Өлкөнүн жетекчилигине жолдогон катта Бликс ракеталарды жок кыла баштоо үчүн Иракка сегиз күн бериле тургандыгын баса белгилейт.

Иракка жолдогон катында Ханс Бликс 150 чакырымдан алыс чуучу ракеталарды чыгарууга Иракка БУУнун резолюциясы менен тыйуу салынгандыктан, Ирак ал ракеталарды жок кылууга милдеттүү экендигин билдирди. Ханс Бликс Ирак ракеталарды ары дегенде биринчи мартка чейин жок кыла баштоого тийиш экенин эскертти. Кат Ирак президентинин башкы кеңешчиси Амир ас-Саадиге даректелип, 21-февралда Ирактын БУУдагы элчиси Мухамед ад-Дуриге тапшырылды.

Бирок Ханс Бликстин катын Иракка сокку уруу үчүн мыйзамдуу шылтоо катары пайдаланууну көздөп жатышкан АКШ менен Британияны Бликстин талабы ынандырган жок. Вашингтон Бликс “ас-Самуд” ракетасынын корпусун, аны учууручу жана бутага жеткирүүчү жабдуулар менен дүрмөттөрдү эле эмес, ракеталарды жасап чыгарган ишканалар менен ракеталарды сыноочу жабдууларды да жок кылууну талап кылышы керек эле деп нааразы болууда. Бирок Ирактын каруу-жарактарын текшерип жаткан эксперттер ракета сыноочу жабдуулар андан да чоң ракеталарды учура ала турганын белгилеп, алар мындан аркы "табылгалар" үчүн зарыл болушу ыктымал деп эсептешет. Ошон үчүн Бликс Иракка жолдогон катында сыноо өткөөрүүчү жабдуулар катаал көзөмөлгө алына турганын билдирген.

Кат менен таанышып чыккан соң, Ирактын БУУдагы элчиси Бликстин “ас-Самуд” ракеталары боюнча чыгарган тыянагы менен макул эмес экенин билдирди. Ал эксперттер ракеталарды дүрмөтсүз жана бутага жеткирүүчү жабдуулары жок текшеришкендиктен, ракета алыс учканын, бирок толук жабдылган абалында ракета кыйла оор болуп, алыс кете албай тургандыгын билдирген. Элчи ошондой эле ракеталар менен жүргүзгөн сыноолордун ар бири туралуу Ирак Бириккен Улуттар Уюмун расмий кабардар кылып турганын кошумчалаган.

Эгер Багдат Бликстин талабын аткарбаса, анда АКШ менен Битания муну Ирактын курал инспекторлору менен кызматташуудан баш тарткандыгы катары сыпаттап, Иракка аскердик чабуул койоору шексиз болуп калды. Иракка каршы Түркиянын аймагынан чабуул койуу маселеси да АКШнын пайдасына чечилүүдө. Түркия АКШ сунуш кылган 26 миллиард долларлык компенсацияга ынанган шекилдүү. Эгерде эки өлкө расмий макулдашууга кол койсо, Иракка түндүктөн сокку уруу үчүн Түркияга 40 миңден ашык америкалык солдат жайгаштырылат.

Жума күнү Ройтер кабар агенттигине берген интервьюсунда Жорж Буш: "Коркунучтуу куралдарын жок кылуу үчүн Иракта жетишээрлик убакыт болгон!" - деп сурданды. Ал эми Ирактын чек арасына жакын жерлерге топтолгон америкалык аскерлердин саны жөнүндө маалымат берген АКШ коргоо министрлигинин өкүлү: "Биз президент буйрук берээри менен чабуул койууга даярбыз!" - деп айткан.

Согуштан үрөйү учкан Багдат АКШ менен диалог жүргүзүүгө даяр экенин билдирүүдө. Ирактын вице-президенти Таха Ясин жума күнү улуттук телекөрсөтүүдөн сүйлөгөн сөзүндө эгер Америка агрессия пландарын мындай койо турса, Багдат Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр деп айтты. Бирок, айрым адистердин оюнча, Американы Багдаттын диалог жүргүзүү сунушу да, “ас-Самуд” ракеталарын жок кылаары да токтотуп кала албайт көрүнөт.

Ракеталар жөнүндөгү фактыларга таянуу менен, АКШ менен Британия БУУнун Коопсуздук кеңешинин жаңы резолюциясынын долбоорун даярдап жатышат. Анда Багдатка БУУнун куралсыздануу боюнча 8-ноябрда кабыл алынган резоюциясын бузду деген айып тагылып, Ирактын мындай жүрүмүнөн келип чыга турган "олуттуу чаралар" аныкталышы күтүлөт.

Резолюциянын долбору дүйшөмбү күнү Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсүнө таратылып, кеңештин 1-мартка белгиленген чогулушунда каралат.

Резолюцияны кабыл алуу үчүн аны кеңештин бери дегенде 9 мүчөсү колдоп бериши керек. Бирок резолюция вето койулбаган учурда гана кабыл алынат. Ал эми вето укугуна ээ Орусия, Кытай менен Франция андай резолюцияга макул боло койоору күмөн. Иракка каршы күч колдонууга жол берген резолюцияга Германия жана Сирия да каршы. Азырынча АКШ менен Британияны Болгария менен Испания эле колдоп жатышат. АКШ кеңешке мүчө Чили, Мексика, Ангола, Камерун жана Гвинеянын да колдоосуна муктаж. Дүйнө коомчулугу азыр БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1-марттагы чогулушун тынчсыздануу менен күтүп калды.

XS
SM
MD
LG