Токио конференциясында сүйлөгөн сөзүндө ооган президенти өлкөдө онмиңдеген куралчан кишилер бар экенин жана аларды курасыздандыруу эл аралык коомчулуктун финансылык жардамы кечеңдетилип жатканына байланыштуу кыбыр жүрүп жатканын билдирди.
Талибан бийлиги кулатылган 2001-жылдан бери Ооганстанда өлкөнүн бардык этник топтору менен чөлкөм өкүлдөрүн камтыган борбордук өкмөт түзүлүп, өлкө башчылыгына пуштун улутунун өкүлү Хамид Карзай шайланган. Бирок өлкөнүн чөлкөмдөрүндө жергиликтүү өкмөт төбөлдөрү кожойундук кылышат. Алардын ар бири өзүнө баш-оту менен берилген автономдуу аскерлерге ээ жана чөлкөмдөрдө борбордук өкмөт эмес, жергиликтүү хандардын дегени деген. Өз ара атаандаш бийлик төбөлдөрү таасир чөйрөлөрүн бөлүштүрө албай кагылыша кеткен учурлар дагы эле арбын.
Ооганстанга жардам берүүгө белсенген 45 өлкө январь айында өткөн конференцияда өлкөгө 4 жарым миллиард доллар жардам берүүнү убада кылышкан.Өткөн шаршембиде маң заттарынын кору менен апийим плантацияларын жок кылуу үчүн Ооганстанга 100 миллион доллар бөлүндү. Анын 35 миллион долларын Япония кошту. Дагы 140 миллион доллар чар жайыт жана жергиликтүү бийликтерге баш ийген куралдуу топторду куралсыздандырууга жана ооган улуттук армиясын түзүүгө берилиши күтүлөт. Ооганстандын жаңы түзүлүп жаткан улуттук армиясына куралдуу топтордун жоокерлерин да интеграциялоо пландаштырылууда. Татаал процесс көп баскычтуу ыкма менен ишке ашырылмакчы. Расмий божомолдор боюнча, азыр ооган калкында 8 миллион даана ок атуучу курал бар.Президент Карзай өлкөдөгү топторду 2004- жылга белгиленген жалпы улуттук шайлоого чейин толук куралсыздандырууга үмүттөнүп жатат.
Бирок Улуттар Уюмунун Ооганстандагы өкүлү Лахдар Брахими араздаш жана атаандаш топторду куралсыздандыруу өтө татаал жана кейиштүү процесс боло тургандыгын айтат.
Ооганстанды сандаган хандыктарга бөлүп алып, борбордук бийликти көзүнө илбей бийлеп жатышкан жергиликтүү төбөлдөр өздөрүнө баш-оту менен берилген аскерлерди өз ыктыяры менен куралсыздандырып, таратып жиберишээрине ишенүү кыйын.
Азыр эч кандай топторго кошулбаган карапайым элдин колунда да миңдеген даана курал бар экени маалым. Баграм өрөөнүн талибан топторунун калдыктарынан тазалоо үчүн жакында америкалык аскерлер жүргүзгөн операция муну дагы бир жолу тастыктады. Бир нече кыштакты үймө-үй кыдырып, тинтип чыккан 200дөй америкалык жоокер карапайым оогандардын үйлөрүнөн сандаган мылтык жана окдарыларды табышкан. Жергиликтүү аксакалдар менен өкмөт башчылары үй-бүлөөлөр ыктымал кол салуулардан кооптонгондуктан, үйлөрүндө курал кармоого мажбур болуп жатышканын айтышкан. Бирок операцияга катышкан америкалык жоокерлер табылган куралдардын эл ичинде жашынган талибан топторуна тийешеси бар экенин божомолдошот. Кабулда жайгашкан Эл Аралык Антитеррордук альянстын объектилерине маал-маалы менен болуп жаткан кол салуулар талибан калдыктары өлкөдө дале болсо бар экенин тастыктоодо. Бирок бир бөлүгү чет өлкөгө качып жок болгон, калганы карапайым эл ичине сиңип кайым болгон талибан жоокерлеринин санын божомолдоо азыр кыйын.