Алмания канцлери Герхард Шрөдер буга чейин бир нече жолу жасаган жарыяларга караганда, Америка Кошмо Штаттары Иракка каршы согуш баштаса, ага немис аскерлери катышпайт. Немис оппозициялык партиялары Шрөдердин мындай саясатын сынга алып, анын натыйжасында Алмания эл аралык орчундуу окуялардан обочолонуп калууда деп айтууда. Ага жооп кайтарып, Шрөдер өткөн аптада Алмания парламентинин ылдыйкы палатасында сөз сүйлөп, мисал катары Ооганстанды келтирди. Анын айтымында, азыркы учурда он миңге жакын немис аскери Балкан жарым аралында, Ооганстанда жана дүйнөнүн башка булуң-бурчтарындагы жаңжалдарды басууга катышып, өз милдетин так жана жогорку деңгээлде аткарууда.
Онунчу февралдан тартып, Ооганстандагы эл аралык аскерлердин жетекчилиги алмашылып, ал алты айга - Алмания менен Голландиянын башкаруусуна өттү. 2001-жылдын декабр айынан бери эл аралык аскерлерди буга чейин Улуу Британия жана Түркия ар бири жарым жылдан башкарган. Азыр Ооганстанда 17 мамлекеттен келген беш миңге жакын аскер бар жана алар жөн гана тартип сактабастан, Ооганстандын жаңы улуттук аскерин түзүп-даярдоого да катышууда.
Бирок, Ооганстандагы эл аралык аскерлердин бирдиктүү башкармалыгынан тышкары, "Кабул чет элдик аскерлер бригадасы" да бар жана ал бригада - эл аралык аскерлердин күнүмдүк аракеттеринин тактикалык планын түзүп, аны ишке ашырып турат. Жалпы башкаруучулук ар бир алты ай сайын алмашылып турганына карабай, бул бригададагы жетекчилик башынан тартып Алманияга таандык жана бир жылдан бери ал пландоо иштеринде бир да маселе чыккан эмес.
Ооганстандагы немис аскерлеринин басма сөз катчысы Томас Любберингдин айтымында, келечекте дагы бул бригадага Алмания жетекчилик кылмакчы:
- Кабул чет элдик бригадасы бүткүл өлкөдөгү тактикалык иштерди башкарат, ага - пландаштыруу, күзөт жана көзөмөл жүргүзүү аракеттери кирет. Эл аралык аскерлердин башкармалыгы болсо, көбүнчө саясий багытта иш алып барат, мисал үчүн, Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы, Ооган өкмөтү жана башка уюмдар ортосундагы кызматташууну камсыз кылат. Кабул чет элдик бригадасы башынан тартып Алманиянын башкаруучулук алдында.
Ооганстандын келечегин аныктаган эл аралык аракеттерге дагы Алмания башынан тартып жигердүү катышкан, мисал үчүн, 2001-жылдын декабр айында Ооган маселеси боюнча Бириккен Улуттардын эл аралык конференциясы Алманияда өткөн жана дал ошол конференцияда кабыл алынган Бонн келишиминин негизинде кийин өлкөнүн убактылуу өкмөтү түзүлгөн. Алмания өкмөтү Ооганстанга 280 миллион доллар жардам көрсөтүүгө да убада берген. 1970-жылдардан бери Ооганстандан качып чыккан миңдеген адам Алманияда баш калка тапкан жана алардын балдары өсүп чыгып, азыр согуш билбеген жаңы муун пайда болду.
Ошондуктан, немис жетекчилигинин айтымында, Ооган жана Ирак маселелери ар башка. Бардыгы эл аралык мыйзам жана Бириккен Улуттар Уюмунун чечимдерине негизделгенде, Алмания өз эл аралык милдеттенмелеринен эч качан качпайт жана дүйнөнүн кайсы болбосун бурчунда жапа чеккендерге жардам көрсөтүп, керек болсо ал жерге өз аскерин жиберүүгө да даяр. Бирок Ирак маселесине келгенде, Берлин дароо эле согуш баштап жибергенден көрө, маселени мүмкүн болушунча тынчтык ыкмалары менен чечүүгө кызыкдар.