Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

МAХАТXИР МОХАММАД ЭЛ АРАЛЫК КООПСУЗДУКТУН ДУШМАНЫН ТАПТЫ


Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында Бейтарап мамлекеттер кыймылынын эки күндүк жыйыны өтүүдө. Кыймылдын жаңы төрагасы, Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохаммад жыйындын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Батыш лидерлерин терроризмге каршы согушту дүйнөдө өз үстөмдүгүн орнотуу үчүн пайдаланууда деп күнөөлөдү.

Мурдакы Югославиянын президенти Броз Тито өзү негиздеген кыймылды таанымак эмес. Бейтарап өлкөлөр кыймылы - БӨК алгач түзүлгөндө, уюм башкы максаттарынын бири катары Батыш менен Советтер союзу ортосундагы жарыша куралданууну токтотууну көздөгөн.

БӨКтүн жаңы шайланган төрагасы, Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохаммад Батыш лидерлерин террорчулукка каршы согушту дүйнөдө үстөмдүк кылуу үчүн колдонууда деп күнөөлөп, бейтарап өлкөлөр кыймылын Батышка каршы ачык эле тукурду.

Махатхир айыптоону БӨКкө мүчө 50-дөн көп өлкөнүн лидерлери алдында жасады. Ал бирок, айрым бир саясатчылар менен илимпоздордун 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулду ислам жана батыш дүйнөсү ортосундагы кагылышуу катары караган аныктамасына кошулбады:

- Бул цивилизациялар ортосундагы кагылышуубу, чечмелеп айтканда, мусулман цивилизациясы менен иудей-христиан цивилизациясынын кагылышуусубу? Ачыгын айтканда, мен антип ойлобойм. Түз айтсам, мунун баары европалыктардын эски адатынча дүйнөдө өктөмдүк кылуусунан келип чыгууда деген ойдомун.

Малайзия терроризмге каршы согушту колдогону үчүн, өткөн жылы Махатхир ырасмий түрдө Ак Үйгө чакыртылып, Президент Буштун алкышын уккан.

Махатхир, ошондой эле, дүйнөнүн бакубат мамлекеттеринин саясый жана аскерий жетекчилерин жан кечти террорчуга салыштырып, бейтарап өлкөлөр кыймылы алардын экономикалык үстөмдүгүнө жана кысмагына каршы күрөшүүсү абзел деди. Ал Батышты палестиналыктарды тополоңго салып, аларды террорчулукка барууга мажбур кылган Израилдин “террорчулугун” токтото албады деп күнөөлөдү.

Куала-Лумпурдагы жыйындын катышуучулары арасында Кубанын президенти Фидель Кастро, Индиянын премьер-министри Атал Бехари Важпаи, Пакистандын президенти Первез Мушарраф жана башка лидерлер бар.

Бириккен улуттар уюмунун мүчөлөрүнүн теңинен көбү бейтарап өлкөлөр кыймылына кирет. Алардын ичинен Сирия, Камерун, Чили, Гвинея, Пакистан жана Ангола - Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин учурдагы мүчөлөрү.

БӨКтүн мурдакы төрагасы, Түштүк Африканын президенти Тхабо Мбеки өз сөзүндө Иракты БУУнун аскерий инпекторлору менен кызматташууга үндөдү:

- Биздин өлкөлөрдөгү жана дүйнөдөгү тынчтык жана стабилдүүлүк биздин кыймылдын узактан берки мүчөсү Ирактын Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши жана каруу жарак инспекторлору менен кызматташуусун талап кылат. Кызматташуу Ирактын массалык кыргын салчу куралдары жок экенине бардык адамзатты ишендирүү үчүн зарыл.

БӨКтүн үч жылда бир ирет өтчү жыйыны соңунда Иракты Улуттар уюмунун резолюциясын аткарып, толук куралсыздандырууга чакырган жана АКШнын Иракка мүмкүн болчу бир жактуу кол салуусун жектеген кайрылуу кабыл алынат деп күтүлүүдө. Даярдалып жаткан резолюциянын долбооруна караганда, бейтарап кыймылдын мүчөлөрү Түндүк Корея кризисин тынчтык жолу менен жөндөөнү жакташууда. Бирок, делегаттардын айтышынча, ырасмий Пхеньян өзөктүк куралдарды жайылтпоо келишимине кайра кошулсун деген сөздү кайрылууга киргизүүгө каршы болууда.

XS
SM
MD
LG