Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:02

ӨЗБЕКСТАН, ТАЖИКСТАН ЖАНА КЫРГЫЗСТАН ЧЕКТЕШКЕН ЖЕРДЕ МИНА ЖАРЫЛДЫ


Шайырбек Эркин уулу, Баткен Өзбекстан чек ара бойлото койгон минадан дагы бир кыргыз жараны набыт болду.

23-февралда Баткен облусунун Чоңкара айылынын тургуну Саттар Шамшиев 3 коңшу өлкө чектешкен жерде Өзбекстан тарабынан чек арага коюлган минанын жарылуусунан каза тапты.

Өзбекстандын Риштан району менен чектешкен Баткендин Чоңкара айылынын 42 жаштагы тургуну Саттар Шамшиев ошол айылдын элинин малын багып, тирилик өткөрчү. 23-февраль күнү да адаттагыдай эле мал багып, өз айылынан 8 чакырым алыстыктагы Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан чектешкен жердеги Күнгөйөтөт деген жерге барат. Түшкө жуук Саттар малын жайып коюп, көр тирилик үчүн отун жыйнап, шыбак тергенге киришет. Ошол учурда капыстан 3 коңшу өлкөнүн чегине Өзбекстан тарап койгон минага кабылып, анын жарылуусунан ошол замат каза табат. Аны менен мал бакканы кошо чыккан мектеп жашындагы уулу дароо айылга чуркап, туугандарына кабар берип, 3 сааттын ичинде маркумдун сөөгүн алып келишет. Ошентип, каза болгон Саттардын артында мектеп жашындагы 5 баласы чыркырап кала беришти. Бул окуянын чоо-жайын иликтеген облустук бийликтин атайын тобу жарылуу Өзбекстандын чек ара тилкесинен 150-200 метр сыртта, Тажикстан менен Кыргызстандын чегиндеги азырынча тактала элек аймакта болгонун, 3 коңшу мамлекеттин чектешкен жеринде жүргөн Саттарбек Шамшиев Өзбекстандын куралдуу күчтөрү тарабынан коюлган ОЗМ-72 маркасындагы минага кабылып каза тапканын аныктады. «Бул окуяга байланыштуу кандай чара көрүлөт?» деген соболубузга облус губернаторунун орун басары Абдумажит Абдрахманов мындайча жооп узатты:

- Көрүлө турган чара эле - өзүбүздүн өкмөтүбүзгө дагы бир жолу кайрылабыз, Өзбекстандын өкмөтү аркылуу ушул коюлган миналарды жакын арада алып таштоо боюнча. Себеби, жаз келип калды, элибиз талаага чыгат. Минага жарылуу коркунучу турат. Себеби, мина коюлган жерлер - Сох анклавынын тегереги, Шахмардан анклавынын тегереги, Фергана облусунун, Риштан районунун чети.

Ошондой эле Абдумалик Абдрахманов учурда кыргыз тараптын чыгымдары иликтенип жатканын, облус бийлиги бул тууралуу Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилигине кат даярдап жатканын белгиледи.

- Ушуну менен биздин облустун экинчи жараны каза болуп отурат. Бир аз катуураак аракет кылып, катуу талап койсок ушундан бир нерсе чыгат го деп ойлойм. Бирок бул райондун, облустун чегинде чечилбейт. Бул өтө жогорку деңгээлде катуу суроо-талаптын негизинде чечилип калышы мүмкүн, - деди А. Абдрахманов.

Мындан 2 жыл мурда Чоңкара айылынын Улукбек Төлөбаев аттуу тургуну да ушундай эле окуяга кабылып каза тапкан. Мындан тышкары, кыргыз-өзбек чек арасына Өзбекстан тараптан коюлган минадан 1999-жылдан бери 10дон ашуун жарылуу болуп, андан Баткен облусунун 3 тургуну оор жарат алган. Ошондой эле бир канча эл малынан ажырап, жалпысынан 5 млн. сомго жакын чыгым тарткан. Миналар негизинен Баткен облусу Өзбестандын Сох, Шахимардан анклавдары жана Риштан району менен чектешкен аймактарга коюлган. Жалпысынан учурда кыргыз-өзбек чек арасынын 46 чакырым узундуктагы аралыгында ушундай миналар жатат. Ал эми облус бийлигин элдин миналардын жарылуусунан тарткан чыгымдарын төлөп берүү жана миналарды тазалап салуу тууралуу өзбек тарапка кайрылууларынан ушул күнгө дейре эч кандай майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG