Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Түркиянын өкмөтү парламентке өлкөдө америкалык аскерлерди жайгаштырууга уруксат берүүнү өтүнүп, кайрылууда


Түрк өкмөтү Ирактагы ыктымал согушка байланыштуу парламенттен өлкө аймагында америкалык 62 миң аскерди алты айга жайгаштырууга уруксат берүүнү суранган жатат.Өкмөттүн айрым өкүлдөрүнүн эскертүүлөрүнө карабай парламенттеги добуш берүү эртең же бейшемби күнү өткөрүлүшү мүмкүн.Маселен, түрк өкмөтүнүн вице-премьери Эртугрул Ялчынбайир америкалык аскерлерди жайгаштыруу өлкөдөгү демократияга коркунуч туудурат деп эсептейт:
- Эгер парламент тескери добуш берсе Түркияда биримдик жана тынчтык, демократия көбүрөөк болмок.
Түрк тышкы иштер министри Йасар Йакистин билдиргенине караганда,Анкара менен Вашингтон жоокерлерди жайгаштыруунун саясий жана аскерий өңүттөрү боюнча мунасага жетишти, бирок маселенин экономикалык өңүтү талкууланып жатат. Түркия Ирактагы ыктымал согуштун аларга тийүүчү экономикалык кесепеттери АКШ тарабынан компенсацияланышын көздөөдө.

XS
SM
MD
LG