Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:38

ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ОППОЗИЦИЯНЫ ТАЛКУУГА ЧАКЫРАТ


6-мартта Бишкекте «Кыргыз мамлекеттүүлүгү: тынчтык жана бейпилдик» деген аталышта элдик курултай өтөт. Мындай чечимге уюштуруу тобу кыргыз президентинин макулдугун алгандан кийин келди. Курултайды өткөрүү тартибин уюштуруу тобу журналисттерге 26-февралда жарыя кылды.

Демилге тобу элдик курултайды өткөрүү сунушун билдирген кайрылуу менен алгач ирет февраль айынын башында чыккан. Демилгечилердин катарында Жогорку Кеңештин депутаттары Турдакун Усубалиев, Валерий Диль, «Эл» партиясынын лидери Мелис Эшимканов, Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын төрагасы Иса Токоев бар.

Иса Токоевдин билдиргенине караганда, демилгени Бейөкмөт уюмдар ассоциациясы, жергиликтүү жамааттар, аялдар уюмдары, айрым саясий партиялардын лидерлери, бийлик структуралары колдоп чыгышты. Ал эми 25-февралда демилгечи топту президент Аскар Акаев кабыл алып, курултайда башкы доклад жасоого макулдук берди. Уюштуруу тобунун төрагасы Иса Токоев курултайдын максатын мындайча белгиледи:

- Биздин эң негизги максатыбыз – кыргыз элинин аброюн сактап, мамлекетибиздин 2200 жылдыгын татыктуу өткөрүп берсек, дүйнө жүзүнө жүзүбүз жарык болгондой чараларды көрсөк. Анан дагы бийлик бутактары менен биригип, эл үчүн иштейли.

Курултайга республика боюнча жергиликтүү жамааттардан саясий партиялардын өкүлдөрүнө чейин чакырылып, делегаттардын жалпы саны 640ка жетет. Курултайда оппозициялык күчтөрдүн өкүлдөрүнө да орун берилет. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири, «Менин өлкөм» партиясынын координациялык кеңешинин мүчөсү Галина Куликова демилгечи топ менен жолугушуудагы президенттин сөзүнө шилтеме берип, мындай деди:

- Аскар Акаевич айткандай, оппозициябы, башкабы, курултайга катышууну каалоочулардын бардыгы келишсин. Биз бардыгыбыз Кыргызстандын, ушул жердин балдарыбыз. Бардыгы келип, өз ойлорун айта алышат.

Элдик курултайга катышуу-катышпоо маселеси боюнча азыр оппозициялык күчтөр бирдиктүү пикирин расмий жарыя кыла элек. Айрымдар оппозициячылар белгилеген март айындагы Үчүнчү элдик курултайдын алдын тороо максатында ушундай иш-чараны бийлик атайы ойлоп чыккандыгын айтып жатышат. Бейрасмий маалыматтарга караганда, оппозициялык күчтөр Үчүнчү элдик курултайды Аксы окуясынын бир жылдыгы менен удаалаш өткөрүп, анда башка маселелер менен катар келерки президенттик шайлоого талапкерлерди аныктоо маселесин талкуулашмакчы.

Оппозициячылардын арасында азыр бийлик уюштуруп жаткан бул курултайда оппозицияга бирдей укук берүү сунушун айтып жаткандар да, мындай курултайды дегеле тааныгысы келбегендер да бар. Маселен, «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиевдин пикири мындай:

- Менин оюмча чыныгы оппозициялык көз караштагы уюмдардын жетекчилери буга катышпайт. Себеби, чыныгы оппозиция бара турган болсо, ал жерде докладга, сүйлөгөнгө, чечимге катышууга жол берилбейт. Ошондуктан бул жерде да бир саясий соодагерчиликке барып жатышат. «Мына, оппозициянын өкүлдөрү катышты» деп кыйкырганы турушат.

Топчубек Тургуналиевдин айтымында, бийлик колдоп жаткан бул курултай оппозициялык күчтөр даярдап жаткан курултайга эч кандай тоскоолдук кыла албайт.
Ал эми И. Токоевдин оюна караганда, бөлүнүүгө азыр негиз жок, жаңы Конституция бардыгын ордуна койду. Ошондуктан учурдун орчундуу маселеси - курултайда ичтеги таарынычтарды, өөдө-төмөн талаш-тартыштарды чечип алуу.

- Чогулуп туруп маселени алдыга кырынан коелучу, ачык-айкын айтышып алалычы. Эмнеге бири-бирибизге таарынып атабыз? Бир кырды каптап эле ошону каза бериштин кереги барбы-жокпу? Ошон үчүн ачыкка чыгалы, элибизде тынчтык, бейпилдик болсун, баарыбыз чогулуп экономиканы көтөрөлү деп атпайбызбы, - дейт Токоев.

Уюштуруучулардын билдиргенине караганда, курултайдын акырында жыйынтык документ кабыл алынат. Уюштурууга кеткен чыгымдардын айрым бөлүгүн кыргыз өкмөтү каржылайт. Жалпысынан курултайга 350 миң сом чыгымдалат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG