Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:09

БУШ: ИРАКТАГЫ СОГУШ РЕГИОНГО ДЕМОКРАТИЯ АЛЫП КЕЛЕТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Ишембиде Бириккен улуттар уюму менен Багдаддын өкүлдөрү Ирактын "Ал-Самуд-2" ракеталарын жок кылуунун жол-жоболорун макулдашышты. Анын алдында жарыяланган БУУнун башкы инспектору Ханс Бликстин жаңы докладында Ирактагы текшерүүлөр азырынча алымсындыраарлык натыйжа алып келбегендиги белгиленет. Кошмо Штаттары Багдаддын баллистикалык ракеталарын жок кылуу чечимин Саддамдын "кезектеги оюну" катары баалады.

Бириккен улуттар уюмунун курал-жарак инспекторлорунун башчысы Ханс Бликс Багдаддын "Ал-Самуд-2" баллистикалык ракеталарын жок кылуу чечимин куралсыздануунун чыныгы үлгүсү деп баалады:

Бул өтө чоң жылыш. Иракта көптөгөн "Ал-Самуд" үлгүсүндөгү ракеталар, ошондой эле ага катышы бар дагы көптөгөн жабдыктар бар экен, биз Багдадга жөнөткөн катыбызда кайсыл курал-жарактар жок кылынышы керектигин тизмелеп көрсөткөнбүз. Жума күнү бизге берген жообунда Ирак өкмөтү аларды жок кылууга макул экенин ырастаптыр. Бул Ирактын куралсыздануу жараянындагы өтө маанилүү кадам.

Ишемби күнү Багдадда Бликстин орун басары Деметриус Перрикос баштаган инспекторлор Ирак өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугуп, баллистикалык ракеталарды жок кылуунун техникалык жагдайларын талкуулашты. Жолугушуунун соңунда ага катышкан президент Саддам Хусейндин кеңешчиси, генерал Амер Ал-Саади Багдад ушул эле күнү 4 ракетаны, калганын эл аралык инспекторлор менен макулдашылган планга ылайык жок кылаарын жарыялады.

Ошентсе да, Улуттар уюмунун башкы инспектору Ханс Бликс Ирак боюнча даярдаган жаңы докладда курал-жарак инспекторлорунун 3 айдан берки иши алымсындыраарлык натыйжа алып келбегени айтылат. Багдад баллистикалык ракеталарынан арылууга макулдугун бере электе жарыяланган докладда Ирак химиялык, биологиялык, же башка коркунучтуу куралдардын баарын жок кылганын ишенимдүү далилдей албаганы, аларга байланыштуу документтерди көрсөтө электиги баяндалат. Андан сырткары инспекторлор Ирактын аскерий арсеналына тиешеси бар окумуштуу-адистер менен ээн-эркин сүйлөшө албаганы белгиленет. Ханс Бликстин отчетунда 27-ноябрдан бери эл аралык инспекторлор Ирактагы 350дөй жайды кыдырып-текшергени, алардын 44ү андан мурун эч убакта инспекцияланбаган ишканалар экени жазылган. Жалпысынан алганда, Иракка карата өтө сынчыл маанайда жазылган доклад жакынкы күндөрү Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин кароосуна сунушталмак.

Аңгыча минтип, Багдад инспекторлор берген мөөнөттү бузбай, 1-марттан тарта баллистикалык ракеталарын жок кыла баштады. Буга байланыштуу бирок, Ирак кризисин куралдын күчү менен чечүүнү колдогон АКШ, Британия өз көз караштарын өзгөртүп жиберген жок. Вашингтондун өкүлү Ари Флейшер Багдаддын соңку кадамы – "курулай пропаганда", Саддам дайыма ушинтип, акыркы мүнөттө кетенчиктей түшөт десе, Британиянын премьери Тони Блэр Мадридде өткөн пресс-конференцияда: "Оюндар мезгили өттү", - деп кесе комментарийледи.

Ал учурда Египетте чогулган араб өлкөлөрүнүн лидерлери Ирак кризисин талкуулап, Бириккен улуттар уюму тийиштүү чечим кабыл алмайынча, Багдадга каршы бардык аскерий аракеттерди айыптаарын билдиришти. Сирия бир да араб мамлекети өз аймагын, же аба мейкиндигин Иракка каршы согушта пайдаланууга бербейт деген билдирүү кабыл алууну сунуш кылган, бирок белгилүү болгондой, буга чейин эле Перс булуңундагы бир нече араб өлкөлөрүндө АКШ аскерлери жайгаштырылган. "Ройтерс" агенттиги ишембиде Вашингтондук булактарга шилтеме жасап, АКШнын эсеби боюнча, Иракта болжолдонуп жаткан согуш 1 айда бүтсө, 20 млрд долларлык, ал эми алты айга созулуп кетсе, 85 млрд долларлык чыгаша алып келээрин маалымдады.

XS
SM
MD
LG