Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

ТҮНДҮК КОРЕЯ АКШГА КЫСМАК ЖАСООДО


АКШ өкмөтү шаршемби күнү маалымдаганга караганда, Түндүк Корея Йонбен атомдук станциясынын 5 мегаваттык ядролук реакторун кайра иштетүүдө. Реактор 1994-жылдан бери иштебей турган. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик-МАГАТЭ ядролук реакторду Улуттар уюмунун инспекторунун катышуусуз иштетүүгө каршы экенин билдирди.

Коммунисттик Корея ядролук программасы боюнча АКШ менен жүрүп жаткан тартышуусунда тобокелге салган ишти жасады. Ак Үйдүн Улуттук Коопсуздук Кеңешинин өкүлү шаршемби күнү билдиргенге караганда, акыркы 24 саатта Йонбендеги 5 мегаваттык ядролук реактор кайра иштетилген. 8 жылдан бери токтоп турган реактордун иштей баштаганын космостук чалгындоо көрсөткөн. Ядролук бомбага дүрмөт иретинде колдонулуучу плутонийди бөлүп алуучу шайман-жабдуулар да иштетиле баштаганбы, белгисиз.

Улуттук Коопсуздук Кеңешинин өкүлү С. Маккормак: “Бул окуя Түндүк Корея өкмөтү өз көздөгөнүнө жетүү үчүн ар кандай аракетке барарын дагы бир ирет көрсөттү”,- деп, Вашингтон кризистен дипломаттык жол менен чыгууга аракет жасап жатканын белгиледи.

Бу кризис былтыр октябрда Вашингтон Түндүк Кореяны 1994-жылкы эки жактуу келишимди бузуп, ядролук программанын үстүнөн иштөөдө деп күнөөлөгөндөн кийин курчуган.

Ырасмий Пхеньян ядролук реактордун иш режимине которулганы жөнүндө эч кандай билдирүү жасабады. Кытай, Япония жана Россия бул окуяга өз баасын бере элек.

Пхеньяндын ядролук амбициясынан кооптонгон Түштүк Кореянын жетекчилиги кризисти тынчтык жолу менен жөнгө салууга кызыкдар.

-Жаңы өкмөттүн негизги милдеттеринин бири ядролук проблеманы тынчтык жолу менен жөндөө. Түштүк Корея менен Кошмо Штаттары ортосундагы альянсты бекемдөө аркылуу Түндүк Корея проблемасын чечүүнү мен өзүмдүн башкы милдетим деп билем.-

деп билдирди Түштүк Кореянын премьер-министр Го Кун бейшемби күнү.
Австралиянын тышкы иштер министри Александер Доунердин айтымында, Пхеньяндын реакторду дал ушул тушта кайра иштете баштоосу кылдат эсептелген кадам.

-Түндүк Кореялыктар Йонбендеги реакторду ушу тапта атайылап иштетип жатканынан шек жок . Бул мезгилди тандап алуу Түштүк Кореянын жаңы президенти Ронун ант берүү аземине байланыштуу... –

Доунердин сөзүнчө, Пхеньян өз максатына жетмейинче, эл аралык коомчулук алдында жогорудагыдай түрдүү айла-амалды жасай берет.
Апта башында Мамлекеттик секретарь Колин Пауэлл Чыгыш Азия өлкөлөрүн кыдырып, Түндүк Корея жана Ирак маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жүргөндө, Пхеньян демин басып отуруп, бирок Пауэлл региондон жөнөп кетер замат ядролук реакторду ишке киргизүүсүн Ак Үйдүн өкүлү ачык провокация деп баалады.

“Пхеньян мындай жүрүм-туруму менен ядролук программасынан баш тарткысы жок экенин көрсөттү. Ага катар Кошмо Штаттарына кысым көрсөтмөк болууда. Себеби реактор көп деле электр кубатын бербейт”,- дейт белгисиз калууну каалаган Ак Үйлүк ырасмий адам.

XS
SM
MD
LG