Өлкө бюджетинин өтө чоң өлчөмдөгү бөлүгүн сүлүк курттай соруп келген коррупциянын ана башчылары «Ак Үйдүн жетинчи кабатында отураарын» мамлекет башчысы бир жолу ачык айтып, аларды Манастын арбагына койгону көпчүлүктүн эсинде. Ал эми анын оң колу болуп, өкмөттү башкарып келген мурдагы баш министри Турсунбек Чынгышев «аңкоолор менен жалкоолор гана мамлекеттик мүлктү уурдабайт» деп айтып алганы бар. Дагы бир өкмөт башчысы Апас Жумагулов «өлкөдөгү коррупцияга өзү жетекчилик кылаарын» айтып алган. Өкмөт Үйүнүн жетинчи кабатында журт башында отурган инсандардын мындай сөздөрүнөн кийин карапайым калк коррупциянын ана башында кимдер тураарын ар кандай жоруп келишет. Анын үстүнө мезгилдүү басма сөз беттеринде журт башында турган адамдардын үй-бүлөсү, бала-чака, күйөө балдары «кайсы бир майлуу тармактарды мыйзамсыз менчиктеп алыптыр, элдин ырыскысына кол салып жатат» деген тариздеги макалалар байма-бай басылып келгенден уламбы, бийлик башындагыларга карата элдин жек көрүү сезими күчөп келген. Бир чети буга бийлик башындагылар да ачык жооп бербей келгенинен улам, коомчулукта бир тараптуу пикир үстөмдүк кылып келет. Экинчи жактан айрым депутаттар, оппозициячыл саясатчылар тууралуу макалаларда элдин байлыгын ошол саясатчылар талап-тоноп келгени, алар пенсионерлерге караганда алда канча көп айлык акы алаары, Жогорку Кеңеш үчүн эбегейсиз көп каражат жумшалаары тууралуу сөз козголуп келет. Алыска чабыт жасабай эле, 2003-жылга сунушталган мамлекеттик бюджеттен айрым маалыматтарга көз чаптырсак, бул жылы Жогорку Кеңешке 111 миллион сомдун тегерегинде каражат каралса, президенттик администрацияга андан эки жарым эсе көп каражат каралып жатат. Бул каражат Улуттук илимдер академиясына бөлүнгөн акчадан беш эсе көптүк кылаарына көңүл бурсак, өлкөдө кимдин эмгеги өзгөчө баалаанарын түкшүмөлдөө кыйынга турбайт.
Бул айтылгандар - жалпы маселелер. Анын президенттин жеке өзүнө жана анын үй-бүлөсүнө эч кандай тиешеси жок. 2002-жыл үчүн мамлекет башчысынын жана анын үй-бүлөсүнүн кирешелери жана мүлкү тууралуу «Кыргыз туусуна» басылган маалыматка карасак, анын анчалык деле ашып-ташыган байлыгы жоктугун көрөбүз. Өткөн жылкы анын айлык акысы болгону жарым миллион сомдон бир аз эле ашат. Мындан башка ага илимий даражасы жана академик наамы үчүн ай сайын кошумча акча төлөнүп келген. Аламүдүн районундагы анын үйү 332 чарчы метрди гана түзөт. 1995-жылкы «Жип-Мерседес-Бенц» маркасындагы автомобили жана Бишкек шаарында кадимки эле темирден жасалган гаражы бар. Мындан тышкары президент 6 куралдын жана 2 аргымактын ээси. Өткөн жылы жарык көргөн үч китебин окуу жайларга бекер таратып берген. Ал эми «Демократияны көздөй татаал жол» аттуу китеби үчүн 1384800 сом калем акы алган. Ошондой эле 2002-жылы А.Акаев 923200 сом өлчөмүндө эл аралык коомдук сыйлыктарды алган.
Ал эми президенттин жубайы профессор Майрам Акаева өзү жетектеген эл аралык кайрымдуулук фонддорун коомдук башталышта гана башкарып, ал үчүн эч кандай эмгек акы албайт. Өзү жазган «Илим жылдыздары», «Даанышмандар», «Архимед», «И.Ахунбаев» аттуу эмгектери башка тилдерге да которулуп, алардын калем акысынан жана сатыктан 8166773 сом түшкөн. Ал маңдай тери менен тапкан кирешесинен 1904700 сомду кайрымдуулук иштерге жумшаган. Бишкекте Майрам Акаевага катталган 125 чарчы метр аянтты түзгөн чакан квартира гана бар. Президенттин кенже уулу Илим - студент. Кыздары Бермет, Саадат, уулу Айдар өз алдынча түтүн булатып, ата-энесинен бөлөк турушат.
Ошентип мамлекет башчысы жана анын үй-бүлөсү өздөрүнө тиешелүү мүлктү жана бир жыл ичинде тапкан кирешесин коомчулуктан жаап-жашырбай, элге ачык эле маалымат берди. Коомчулукта сөз болуп келгендей алар ашып-ташыган байлыкка деле ээ эмес. Өз мээнети, маңдай тери менен тапкан азыноолак каражат менен жашап келишет.