Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

АТАЛЫШЫ ӨЗГӨРГӨНДӨН САПАТЫ ОҢОЛОБУ?


Кыргызстандын президенти Аскар Акаев телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча мамлекеттик корпорацияга улуттук статус берилишине байланыштуу 25-февралда анын жаңы жобосун бекиткен жардыгын чыгарды. Жаңы жобо Кыргыз телекөрсөтүү, радиоуктуруу корпорациясынын ишине олуттуу дегидей жаңылык алып келе алабы, анын сапатын өзгөртөбү?

Кыргызстандын жалпы аймагынын 90% жакын аймагын камтыган мамлекеттик телерадиокорпорацияга президенттин жардыгы менен улуттук статус өткөн жылдын декабрь айында берилген. Ага байланыштуу статуска жараша иштөө жобосу даярдалган. Корпорациянын биринчи вице-президенти Молдосейит Мамбетакуновдун айтымында, жаңы жобонун негизинде эми корпорациянын идеологиясы менен иштөө багытында зор өзгөрүүлөр болот:

- Негизги багыт- телекөрсөтүү, радиону демократташтыруу жана коомдук телевидение түзүү. Экинчиден, ички структураны өзгөртүү. Себеби, жакында Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясы референдумда кабыл алынып, күчүнө кирди. Мына ушуга байланыштуу биз дагы жаңы кадамдарды жасашыбыз керек. Жаңы жобо мына ушуга жакшы жол берет. Ага ылайык ички структурабызды өзгөртүп, саясий, экономикалык багыттагы көрсөтүүлөрүбүздү жаңылайбыз. Мисалы, карама-каршы пикирлерди берүү, саясатка, экономикага анализ берип, натыйжалуу жыйынтыктарын айтуу же болбосо жетишпеген жактарын ачык көрсөтүүгө орчундуу орун берилет. Үчүнчүдөн, журналисттердин жоопкерчилиги көтөрүлөт. Себеби, жободо журналисттердин жоопкерчилиги тууралуу кенен айтылган.

Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн ишин жакшыртуу маселеси өткөн жылы Аксы окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия төрагасы Николай Танаев «маалымат согушунда жеңилип » калганын ырастагандан кийин көтөрүлгөн. Ар тармактын абройлуу адистери, депутаттар кирген коомдук байкоочу кеңеш түзүлүп, анын алдына үч айдын ичинде телекөрсөтүүнү түп-тамырынан өзгөртүү милдети коюлган. Бирок, эки айга жетпей кеңеш өзүнөн-өзү жоюлуп, корпорацияга «улуттук» деген статус эч кандай келечек багытсыз эле берилди. Ошол жоюлган коомдук байкоочу кеңештин мүчөсү, парламент депутаты Адахам Мадумаров телекөрсөтүүнүн статусунун өзгөртүлүшү анын сапатына таасирин тийгизе албайт деген ойдо:

- Анын аты он жылдын ичинде он жолу өзгөргөн менен, заты оңолбогондон кийин статус эч кандай өзгөрүү алып келбейт. Өткөн жылы телерадиокорпорациянын ишин жаңыртуу боюнча президенттин жардыгы чыккан. Мен ошол жаңыртуу боюнча түзүлгөн кеңештин мүчөсү элем. Биз концепция даярдаганча эле баарын өзү билемдик менен өзгөртүп, жасап коюшту. Демек, мындан деле эч нерсе чыкпайт. Себеби, мамлекет өзү туура эмес жолдо баратат. Мамлекеттин жетекчилеринин саясий жолу туура эмес. Алар телекомпания аркылуу керээлден кечке чейин карандай калпты сүйлөп олтурса кантип өзгөрөт? Эч нерсе өзгөрбөйт!

Байкоочулар арасында телерадиокорпорация «бара-бара акционерлешип, колунда бар жана бийликте турган адамдардын бир тобунун менчигине өтөт, ошон үчүн теленин ички структуралык түзүлүшү өзгөртүлүп, мурда иштеген көп адистер иштен кетип жатышат» деген божомол да айтылууда. «Журналист» коомдук бирикмесинин башчысы Кубан Мамбеталиевдин пикиринче, андан чочулоонун кереги жок. Массалык маалымдоо каражаты мамлекеттик деген аталыштан арылып, багытын өзгөртүүсү учурдун талабы:

- Телекөрсөтүү акционердик компания болсун деп биз көптөн бери айтып келеатабыз. Мамлекеттик тизгинден бошосун деп жатабыз. Мамлекеттик тизгинден бошотуш үчүн жанагыдай акционердик компания болушу керек. Бирок, акциялар кандай бөлүштүрүлөт? Бир кишининин колуна түшөбү же коллективдин колуна тиеби? Бул өзгөчө маселе. Ага өзүнчө мыйзам керек.

Телерадиокорпорация кызматкерлери менчиктештирүү жоромолунан азырынча кабарсыз, эгер ал менчиктешсе кимге кандай үлүш тиерин да билишпейт. Корпорациянын маалымат – аналитикалык борборунун кызматкери Ширин Жумагулова бул тууралуу мындай дейт:

- Бул сөздүн чындыгы канчалык деңгээлде экендигин билбейм. Бирок, биздин арабызда андай сөз болгон жок.

Катардагы көрүүчүлөр үчүн телекөрсөтүүнүн аталышынын өзгөрүшү олуттуу маааниге ээ деле эмес. Кубан Мамбеталиев оюнча: - Негизгиси - ал чындыкты көрсөтсө болду да. Сапат, чыгармачыл сапат керек. Азыр бизде сапат жок. Формасы болгон менен сапатсыз продукция берген компаниядан элге пайда жок. Анын эмне кереги бар?
XS
SM
MD
LG