Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:45

АНКАРА АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕРДИ ЖАЙГАШТЫРУУНУН АЙЛАСЫН ТАБА АЛАБЫ?


Түркиянын бийликтери Ирактагы ыктымал согушка байланыштуу өлкөдө америкалык аскерлерди жайгаштыруу жөнүндөгү өкмөттүн өтүнүчүн парламент четке каккандан кийин түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолдорун талкуулап жатат. Баяндамачылардын пикиринде, түрк өкмөтү, бийликтеги "Адилеттүүлүк жана Өнүгүү" партиясы кыйын абалга кептелди. Ал эми Вашингтон Ирактагы ыктымал аскерий операцияга байланышкан пландарын кайра карап көрүүгө мажбур болушу мүмкүн.

Түркиянын парламенти 533 депутаттан турат. Алардын көпчүлүгү бийликтеги "Адилеттүүлүк жана Өнүгүү "партиясынын өкүлдөрү экенине карабай, өкмөттүн өтүнүчү парламентте көпчүлүктүн колдоосуна ээ болбоду. Өткөн ишемби күнкү добуш берүү учурунда Ирактагы ыктымал согушка байланыштуу өлкөдө америкалык аскерлерди жайгаштырууга уруксат берилишин парламенттин 264 депутаты колдоду, 250сү каршы, 19су калыс болду, 17 депутат жыйынга катышкан эмес. Ошентип, түркиялык айрым гезиттер жазгандай, бийликке келгенинен төрт ай өтүп эле "Адилеттүүлүк жана Өнүгүү" партиясы парламенттеги өз өкүлдөрүнүн добушун көзмөлдөй албай калды. Иш жүзүндө Ирактагы ыктымал согуштун саясий жана экономикалык кесепеттеринен чоочулашкан түркиялыктардын, жергиликтүү саясатчылардын көпчүлүгү Анкаранын буга аралашуусун кубатташпайт. Парламент өкмөттүн өтүнүчүн талкуулап жаткан күнү Анкаранын көчөлөрүнө 50 миңдей демонстрант топтолсо, эртеси бир нече жүз адам добуш берүүнүн жыйынтыгын майрамдап, көчөгө чыкты. Түрк өкмөтүнүн жетекчилиги парламенттин чечимин "демократиялык" деп мүнөздөдү. Анткен менен премьер- министр Абдулла Гүл өкмөт кыйын кырдаалга кептелгенин моюнга алат. Парламенттин чечиминен улам АКШ менен Түркиянын алакасына доо кетпесине ишеним билдирген түрк премьери Абдулла Гүл кабарчылар менен болгон маегинде мындай деди:

- Биз олуттуу жана маанилүү маселеге кептелдик. Түркиянын коопсуздугу жана келечеги талкууланууда. Бул - ички проблема эмес. Мен Түркия үчүн муну ички проблемага айлантуу ылайыксыз жана пайдасыз болооруна ишенем.

Ал эми бийликтеги "Адилетүүлүк жана Өнүгүү" партиясынын лидери Режеп Эрдогандын айтымында, алар эми мындан аркы кадамдарды аныктоонун үстүндө иштеши керек:

- Бул – жараян. Ушул жараяндын алкагында биздин партиянын Жалпы Кеңеши, биздин өкмөт бардыгын калчап, таразалап көрөт. Албетте, бул жерде иштин экономикалык өңүтү да каралат жана ошол эсептөөлөрдүн жыйынтыгында кандай чечим кабыл алынаары жарыяланмакчы. Ушул себептерден улам бир аз сабырдуулук зарыл.

Түркия өкмөтүнүн жетекчилиги коңшусу Иракка түрк парламентинин чечимин өз максатында пайдаланып, БУУнун инспекторлору менен кызматташуусун басаңдатса - жаңылыштык болоорун эскертти. Багдад өз тарабынан түрк депуттарынын турумун кубаттады.

Ирактагы ыктымал согушта "түндүк фронтту" түзүү максатында АКШ Түркияда 62 миңдей жоокерин, 250 дөй аскерий учагын жайгаштырууну пландаган. Америкалык инженерлер Түркиянын деңиз порттору менен аскердик базаларында даярдык иштерин мындан үч апта мурда эле баштаган. АКШнын аскердик жабдуу салынган бир нече кемеси жүктү түшүрүүгө уруксат берилишин күтүп, Түркиянын Жер ортолук деңиздеги Искендерун портунда келип токтогон болчу. Вашингтон Иракка каршы ыктымал согуштагы көмөгү үчүн Анкарага 30 миллиард долларга чейин жардам жана насыя берүүнү убада кылган. Эми бул экономикалык жардамдын келечеги күмөнсүнүүлөрдү жаратууда, Түркия андан куржалак калышы да толук ыктымал. Дүйшөмбү күнү Анкарадагы биржада жергиликтүү акциялардын наркы 11% жакын арзандап кетти. АКШ Ирактагы аскер операцияга байланышкан пландарын кайра карап көрүүүгө мажбур болушу да мүмкүн. "Нью-Йорк Таймс" гезитинин АКШнын коргоо министрлигинин өкүлдөрүнө шилтеме берип жазганына караганда, Вашингтон Түркиянын жардамысыз деле Ирактагы ыктымал согушта "түндүк фронту" ачуу ниетинен баш тарта элек. Түркиянын өкмөтү, бийликтеги "Адилетүүлүк жана Өнүгүү" партиясы болсо учурда америкалык аскерлерди жайгаштырууга уруксат берүү жөнүндөгү өтүнүчтү парламентте кайрадан добушка кою маселесин талкуулоодо.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG