БИШКЕК. «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылы 3-мартта жыйын өткөрүп, анда 6-мартта бийлик өткөрө турган курултайга катышпоо тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу дүйшөмбүдө кыймылга кирген «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын лидери Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, кыймыл 5-мартта кыргыз-кытай чек ара макулдашуусу боюнча Конституциялык Соттун чечимине жана 2-февралдагы референдумга карата билдирүү менен чыкмакчы. «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылы өткөн жылы түзүлүп, анын катарына ондон ашуун саясий партиялар жана коомдук уюмдар кирген.