Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

СЛОВАКИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИ КЫРГЫЗСТАНДА РАСМИЙ ИШ САПАРЫ МЕНЕН ЖҮРӨТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Кыргызстанга 3-мартта расмий иш сапары менен келген Словакиянын президенти Рудольф Шустер шейшемби күнү президент Аскар Акаев менен жолугушту. Андан соң эки өлкөнүн президенттери журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Адегенде Словакиянын президенти Рудольф Шустер мамлекет башчысы Аскар Акаев менен жекеме-жеке жолугушту. Андан соң өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда пикир алмашуу болду. Мындай иш-чараларга журналисттер катыштырылган жок. Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн президенттери айрым журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Аскар Акаев өз сөзүндө Борбордук Азиядагы саясий кырдаалга токтолуп, эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшү жана жолугушуу учурунда кандай маселелер каралгандыгы тууралуу журналисттерге маалымат берди. Мамлекет башчысынын айтымында, учурдагы эл аралык маселелерге карата эки өлкөнүн көз карашы бирдей.

- Биз учурдагы олуттуу эл аралык маселелер боюнча пикир алмаштык. Көпчүлүк эл аралык маселелер боюнча биздин көз карашыбыз бирдей же окшош экендигине көзүбүз жетти. Тагыраак айтканда, Борбордук Азия аймагында, анын ичинде Ооганстанда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көз карашыбыз окшош экен. Мен Словакия Республикасынын эл аралык терроризм менен күрөшүүгө активдүү көмөк көрсөткөндүгүнө чоң ыраазычылыгыбызды билдирдим, - деди Аскар Акаев. Андан аркы сөзүндө мамлекет башчысы, «бул жолугушуу келечекте эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө ар тараптуу негиз болот» деген пикирин билдирди.

Аскар Акаев жолугушуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы маданий, гуманитардык, илимий тармактардагы кызматташтыктын өнүгүшү тууралуу сөз болгонун белгиледи.

- Биз студенттерди өз ара алмаштырып окутуу маселесине өзгөчө көнүл бурууну макулдаштык. Ошондой эле эки тараптуу мамилени чыңдоо максатында биргелешкен ар кандай көргөзмөлөрдү жана өлкө аралык маданият күндөрүн өткөрүүнү макулдаштык, - деди Аскар Акаев.

Ошондой эле А. Акаев келечекте словакиялык саясатчы Александр Дубчектин Кыргызстандагы үй-музейи калыбына келтириле тургандыгын маалымдады. Александр Дубчек 1925-жылы төрт жашар кезинде «Интергельпо» кооперативин түзгөн коммунисттер менен кошо ата-энеси менен чогуу Кыргызстанга келген. Кыргызстанда чоңоюп-өскөн Александр Дубчек Чехословакияга 1938-жылы кеткен.

Ал эми Словакиянын президенти «Кыргызстан биздин Борбордук Азия жана Кавказ регионундагы ишенимдүү өнөктөшүбүз болот» деген пикирин билдирди. Анын айтымында, Словакия келечекте туризм, айыл-чарба продукциясын иштетүү, курулуш жана жыгач иштетүү жаатында Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар.

Словакиянын президенти ушул эле күнү өкмөт башчысы Николай Танаев, Жогорку Кеңештин кош палата төрагалары жана Кыргызстанда жашап жаткан словак улутундагы жарандар менен жолугушту. Ал эми бешинчи мартта Словакиянын президенти Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетте дарс окуйт. Ага ушул университеттин профессору деген наам берилет. Андан соң чет элдик конок Ысыккөл облусунда болуп, өлкөнүн туризм тармагындагы мүмкүнчүлүгү менен таанышат. Президенттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, ал 6-мартта өз мекенине кайтып кетет.

XS
SM
MD
LG