Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

Кыргызстан элинин экинчи курултайынын оту Манастын Таластагы күмбөзүндө тутандырылды


ТАЛАС. 6-мартта өтмөкчү болгон Кыргызстан элинин экинчи курултайынын оту Манастын күмбөзүндөгү Кароол чокудан тутандырылды. Бул окуяга арналган жыйын 5-март күнү улуттук «Манас ордо» комплексинде облустун коомчулук өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Шамананы белгилүү жөө күлүк Эрмек Черикбаев 7 спортсменге тапшырды. Жыйында карыялардын атынан сөз сүйлөгөн Эсенбай Изатовдун «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган эң алгачкы иш-чара Манастын күмбөзүнөн башталсын» деген сунушун чогулган эл колдоп кетти. Алар бул сунушту президенттик администрацияга жеткирүүнү облустук бийликтен суранышты.

XS
SM
MD
LG