Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

ИРАК КРИЗИСИ ЖАНА ОРУСИЯЛЫК САЯСИЙ ЭЛИТА


Муса Мураталиев, Москва Жакында Орусиялык коммунисттердин жетекчиси Геннадий Зюганов капыл-тапыл Багдадга барып келди. Анын соңунан Евгений Примаков да көпчүлүктүн көзүнө көп түшпөй, Иракта болуп, президент Хусейн менен жолугушуп кайтты.

Байкоочулар белгилешкендей, Югославияда аскерий акциялар башталар алдында да орус саясатчылары ары-бери чабагандап, азыркыдай активдешип калышкан эле.
«Югославияда согуш башталса, ал Батышты гана эмес, Чыгышты да каптайт»,- деген аргумент келмеден бетер алардын оозунан түшкөн эмес. Ошондой орол азыр да кайталанууда. Орусиялык элдик революциячыл партиянын жетекчиси Сергей Бабурин, мисалы, өзүнүн чет жерлик коногу – франциялык оңчулдардын лидери Ле Пендин сөзүнө шилтеме жасап: «Иракта согуш чыкса, анын арты дүйнөлүк үчүнчү согуштун чыгышына түрткү болот», - деди.

Болгарияда расмий сапарда жүргөн кезде президент Владимир Путин Ирак проблемасы туурасында мындай деди:

«Кризисти биз,Орусия тынчтык каражаттары менен чечүүгө болот жана чечилүүгө тийиш деп эсептейбиз. Биз эл аралык укуктардын негизинде гана иш жасалышы керек дейбиз. »

Компартиянын жетекчиси Геннадий Зюганов:

«Ооба, мен эки жолдошум болуп үч сааттай Саддам Хусейн менен жолугуштум. Ал өз өлкөсүндө жагдайды жакшы түшүнөт деп айткым келет. Өлкө кандай балаага жолукканы турганын ал жакшы билет», - деди.

СССРдин биринчи жана акыркы президенти, Нобел сыйлыгынын лауреаты Михаил Горбачев президент Путиндин позициясын туура деп эсептейт: «Буга дейре биздин президент туура саясат жүргүзүп келе жатат. Ал Америка менен араздашып калбаш үчүн бардык мүмкүнчүлүгүн колдонуп атат», - деп айтты Горбачев.

Орусиялык саясий элита Иракта болжолдонуп жаткан согушка күйпөлөктөп,күч коротуп жатканында өзгөчө себеп бардай. Эмне дегенде,орусиялыктарда Ирак проблемасынан кем эмес көп маселелер чечилбей жатат.

Айтылуу публицист Сергей Пархоменко буга байланыштуу мындай деди:
«Бизде, маселен, Ростовдо армяндар жабыр тартып жатышат,Москвада канчалаган азербайжандыктар ыдык көрүүдө,бүткүл чечендер азар тартууда».

Мындын тышкары,байкоочулардын айтымында, орусиялык саясий төбөлдөр үчүн ички маселеге караганда азыркы Ирак тегерегинде чебелектөө алардын атын чыгаруучу фактор болуп эсептелет. Неге дегенде шайлоо жакындап келатат.

XS
SM
MD
LG