Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:38

ЧИРКӨӨЛӨР ЧАТАК ТЫНЧ ЧЕЧИЛИШИН КААЛАЙТ


Ирактагы ыктымал согуш дүйнөнүн христиан чиркөөлөрүнүн да нааразылыгын жаратты. Иракка байланышкан чатакты тынчтык жол менен чечүү чакырыктары католиктер, протестанттар тарабынан да айтылып жатат. Рим католик чиркөөсүнүн ордосу катары эсептелген – Ватикан өз тарабынан согушту болтурбоо аракеттерин көрүүдө. Рим папасы Иоанн Павел II ушул шаршембидеги апталык кайрылуусунда да урушка жол бербөө зарылдыгын белгиледи.

Иракты күч менен куралсыздандыруудан кайра тартпай турганын ачык билдирген АКШнын жетекчилиги, анын ичинде президент Жорж Буш өзү да, балким, саясатчылар каяша кыларын билгени менен дин өкүлдөрү арасынан оппоненттер чыгаарын күтпөсо керек. Эл аралык коомчулукта Иракты куралсыздандыруу маселеси кызуу талкууланып жаткандан бери согушка каршы чакырыктар дүйнө өлкөлөрүнүн, ошондой эле АКШнын католик жана протестант чиркөөлөрү тарабынан да айтылууда. Маселен, Американын өзүндө Чиркөөлөрдүн улуттук кеңеши деген уюм президент Жорж Буштун администрациясынын Иракты согуш жолу менен куралсыздандыруу демилгесине каршы экенин мурда эле жарыялаган. Аталган уюмдун пикиринде, Иракта "профилактикалык" делген согушту баштоо - "моралсыз" жана "мыйзамсыз" иш чара. Өткөн айда уюмдун 13 адамдан турган делегациясы Багдадга барып келди. "Президент Жорж Буш биз менен жолугушуу сунушун кабыл албаганы - уюмдун лидерлерин иренжитти",- деп жазды Чиркөөлөрдүн улуттук кеңешине мүчө дин ишмерлеринин бири өткөн жекшемби күнү "Вашингтон Пост" гезитиндеги макаласында. Ал эми эртеси Ак үйдүн маалымат катчысы Ари Флейшер ушундай мүнөздөгү суроолорго жооп берип, алар менен президент Буш болбосо да администрациянын башка өкүлдөрү жолугаарын маалымдаган.

Иракка карата согушту болтурбоо аракеттерин Рим католик чиркөөсүнүн ордосу катары эсептелген – Ватикан да көрүүдө. Америкалыктардын 65 миллиону католик динин карманат. АКШда чыгуучу католик жумалыгынын Ватикандагы кабарчысы Жонн Аллендин айтымында, Рим папасы Иоанн Павел II кезинде Перси булуңундагы 1991-жылкы согушка, Улуттар Уюму Иракка карата экономикалык санкцияларды киргизишине каршы болгон. Азыр деле ошондогу турумун карманууда:

- Рим папасы жана Ватикан согушка караманча каршы жана бул соңку жумаларда өтө ачык көрүндү. Папа өзү күн сайын тынчтык жөнүндө айтып, аны тилөөдө. Согуштан качууга болоорун, ал адамзат үчүн оор запкы алып келээрин такай ырастап жатат.

Ватикан соңку кездери Ирак маселесин дүйнө лидерлери менен талкуулоого киришкени ырас. Рим папасы Иоан Павел II өзү АКШнын Ирак боюнча турумун колдогон Британия, Испаниянын премьер-министрлери Тони Блэр жана Хосе Мария Аснар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ватиканга Ирактын вице-премьери, теги боюнча христиан Тарик Азиз келип кетти. Рим папасынын өкүлү Багдадга барып кайтты. Рим папасынын дагы бир өкүлү – Пио Лагьи ушул тапта Вашингтондо жүрөт. Ал папанын АКШнын президенти Жорж Бушка жолдонгон катын алып барган. Жорж Буш 1980-88-жылдардын аралыгында Ватикандын АКШдагы өкүлү болуп иштеген Пио Лагьини ушул шаршемби күнү кабыл алаары күтүлүүдө.

Мурдараак Рим папасы өзү Нью-Йоркко барып, БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сөз сүйлөйт деген маалыматтар тараган эле. Бирок ушул аптада Ватикандын өкүлдөрү ырастагандай, папанын азырынча АКШга баруу планы жок. Шаршемби күнү Ватикандагы салтка айланган апталык кайрылуусунда Иоан Павел II Ирак маселесине токтолуп, мындай деди:

- Биз согуш коркунучуна туш болгон эл аралык кырдаалды эсепке алышыбыз керек. Ар бир адам өз жоопкерчилигин аңдап-билип, адамзатты дагы бир жаңжалдан сактап калуу боюнча жалпы аракеттерди көрүүсү абзел.

Ошондой эле Рим папасы өз сөзүндө католиктерди жараткандан тынчтыкты тилөөгө үндөдү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG