Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

КЫРГЫЗСТАН ЭЛИНИН КУРУЛТАЙЫНЫН АЙЛАНАСЫНДАГЫ КАЙЧЫ ПИКИРЛЕР


6-мартта Бишкекте өтө турган Кыргызстан элинин курултайынын айланасында кайчы пикирлер айтылууда. Оппозиция өкүлдөрү жыйындын мыйзамсыз уюштурулуп жатканын айтса, бийликтин ою боюнча, өлкөдө түзүлгөн саясий жагдайга курултай оң таасирин тийгизмекчи.

5-март күнү укук коргоочу Турсунбек Акун жана «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүшүп, «6-мартта өтө турган Кыргызстан элинин курултайы мыйзамсыз уюштурулууда, ошол себептен ага оппозициянын бир да өкүлү катышпайт», деп билдиришти. Турсунбек Акундун айтымында, мындай позицияны «Акаевге отставка, элге реформа» кыймылынын, Референдумга көзөмөл жүргүзүүчү республикалык штабдын өкүлдөрү, жалпы эле оппозиция тараптагылар жакында өткөн жыйындарынын биринде макулдашышты:

- Оппозиция өкүлдөрү «6-мартта өтө турган Кыргызстан элинин курултайына барбайбыз» деп чечтик. Себеби биз Курултайга жөн гана мейман катары барууну каалаган эмеспиз. Эгерде оппозиция курултайды чогуу даярдашып, жер-жерлерден келүүчү делегаттардын курамын кошо түзүшүп, жыйындын өзүндө бийликтен башкача ой жүгүрткөндөрдүн да ой-пикири угулса - анда катышмакпыз. Бул Курултайга акимдер менен губернаторлордун элегинен өткөн «дүжүр» делегаттар келатат. Андыктан бул жыйында өлкөдөгү саясий-экономикалык оор абал тууралуу, Аксы каргашасы жөнүндө бир ооз да сөз айтылбайт. Тескерисинче, курултай Президент Аскар Акаевди жана 2-февралда өткөн референдумду мактап-жактоо менен гана чектелет. Бул Кыргызстан элинин курултайы эмес, аны «Кыргызстан элинин ассамблеясынын курултайы» деп эле атаган оң болмок. Ошол себептүү оппозиция мындай жасалма курултайга катыша албайт.

«Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова болсо, «6-мартта өтө турган Курултайга мамлекет эсебинен 350 миң сом чамасында каражат чыгымдалып жатат, бул эч бир мыйзамга туура келбейт» деди:

- Өкмөт мындай жыйындарды каражат менен камсыз кылып, анан аны «Элдик курултай» деп атап жатканы туура эмес. Биз ар нерсени өз аты менен аташыбыз керек. Себеби, Аксыда 2002-жылдын 17-июлунда өткөн Курултайга өкмөт тарабынан бир да тыйын бөлүнгөн эмес, ага ар делегат өз акчасын жумшап катышкан. Ар ким өзү келген унаада түнөгөн болчу. Ошондуктан бул Курултайды «элдик курултай» деп атабай, эч кур дегенде «Кыргызстан элинин ассамблеясынын курултайы» деп атаганыбыз туура.

Замира Сыдыкованын айтымында, эл да экиге бөлүнүп калды: бирөөлөр бийлик өкүлдөрү өткөргөн Курултайга катышса, башкалары чындыкты, адилеттикти талап кылып пикеттерде, митиндерде жүрүшөт.

- Эл баарын көрүп-билип турат. Эртеңки Курултайда эмне сөз болоорун да айтпаса да билишет, себеби, элди эч ким алдай албайт. А эң негизгиси - эл буга чейинки оппозиция уюштурган пикеттер менен жөө жүрүштөр эмне себептен келип чыкканын эң жакшы түшүнөт, - деди Замира Сыдыкова.

Ушул эле 5-март күнү кечке маал премьер-министр Николай Танаев Өкмөт Үйүндө Курултайдын катышуучулары менен жолугуп, сөз сүйлөдү. Өкмөт башчысы 2002-жылы аткаруу бийлиги тарабынан жасалган иштерге токтолуп келип, Аксы окуясы мамлекеттин өнүгүүсүндөгү урунттуу окуялардын бири болуп калганын белгиледи.

- Өткөн жыл коомубуздун андан ары өнүгүүсүнө чоң таасир тийгизген урунттуу саясий окуяларга бай болду. Аксы каргашасы баарыбызды чоң сыноодон өткөрдү. Конституциялык Кенешменин иши жана 2-февралда өткөн референдум эң оор учурларда да жол табууга боло турганын, өлкөбүз болсо демократиялык коомду куруу жолунда баратканын далилдеди, - деди Николай Танаев.

Өкмөт башчынын пикиринде, 6-мартта өтө турган Кыргызстан элинин курултайы коомдогу ынтымыкты жана демократияны чыңдоого өз салымын кошмокчу.

XS
SM
MD
LG